1-тема. 1-лекция.
1-тема. Үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү укуктук жана социалдык ченемдер
1-лекция. Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча Улуттук мыйзамдары жана эл аралык милдеттенмелери
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуунун тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат (6-бер.).
Эл аралык деӊгээлде адам укуктарын өнүктүрүү үчүн негизги стимул катары Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардын кесепеттери ойногон. Көптөгөн элдерди жапа чектирген курмандыктар ушунчалык көлөмдүү гана болбостон, ошондой эле адамзатынын келечеги жөнүндө ойлонууга дагы мажбур кылган. 1945-жылы эл аралык жамаат жалпыга таандык тынчтык жана социалдык прогресс үчүн биригишкен жана Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн (БУУ), ал эми 1948-жылы Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган, мына ушундан соӊадам укуктарын өнүктүрүүнүн заманбап тарыхы башталган.
Кыргыз Республикасы 1992-жылдан баштап БУУнун мүчөсү болуп эсептелет жана калкты үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого багытталган негизги эл аралык документтерди ратификациялаган. Ал документтердин катарына кийинкилер кирет:
- Бириккен Улуттар Уюмунун Жарлыгы (1945-ж.).
Кыргыз Республикасы БУУга 1992-жылдын 2-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында БУУнун Коопсуздук Кеӊешинин сунуштамасына жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46/225 резолюциясына ылайык кабыл алынган.
БУУнун Жарлыгында БУУнун максаттарынын бири расасына, жынысына, тилине, динине карабастан, адам укуктарына жана негизги эркиндиктерине урмат-сый менен мамиле кылууну өнүктүрүү жана жайылтуу болуп эсептелет деп караштырылган.
- Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакты (1966-ж.).
- Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакты (1966-ж).
- Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга карата Факультативдик протокол (1966-ж).
Кыргыз Республикасы Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга; Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга; Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга карата Факультативдик протоколго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 1994-жылдын 12-январындагы N 1406-XII Токтому менен кошулган.
- Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга карата факультативдик протокол (1989-ж.)
Кыргыз Республикасы Факультативдик протоколго Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-мартындагы N 52 Мыйзамы менен кошулган.
- Баланын укуктары жөнүндө конвенция (1989-ж.)
Кыргыз Республикасы конвенцияга КР Жогорку Кеӊешинин 1994-жылдын 12-январындагы N 1402-XII токтому менен кошулган.
- 1325 Резолюциясы (2000), Коопсуздук Кеӊеши тарабынан анын 4213-жыйынында 2000-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.
Резолюция кабыл алынган учурдан бери Кыргыз Республикасы тарабынан 2012-жылдан баштап аны ишке ашыруу боюнча 4 үч жылдык аракеттер планы иштелип чыкты.
- Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция (1979-ж.).
Кыргыз Республикасы Конвенцияга КРнын Жогорку Кеӊешинин Мыйзам Чыгаруу Жыйынынын 1996-жылдын 25-январындагы М N 320-1 жана КРнын Жогорку Кеӊешинин Эл Өкүлдөр Жыйынынын 1996-жылдын 6-мартындагы Ө N 257-1 токтомдору менен кошулган.
- Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияга Факультативдик протокол (1999-ж.).
Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-апрелиндеги N 72 Мыйзамы менен кошулган.
БУУнун Жарлыгында БУУнун максаттарынын бири расасына, жынысына, тилине, динине карабастан, адам укуктарына жана негизги эркиндиктерине урмат-сый менен мамиле кылууну өнүктүрүү жана жайылтуу болуп эсептелет деп караштырылган.
Басмырлоого жана зомбулукка тыюу салуу, анын ичинде жыныстык белгиси боюнча басмырлоого жана зомбулукка тыюу салуу принциби, ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясынын, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын жана ага карата эки Факультативдик протоколдун беренелеринде камтылган (бул документтердин баарынын топтому көп учурда Адам укуктары жөнүндө Эл аралык Билл деп аталат).
Аялдар жана эркектер аталган документтерде бекитилген бардык укуктарга ээ, аларга кийинкидей маанилүү укуктар кирет: жашоого карата укук; жеке коопсуздукка карата укук; ден соолук үчүн зарыл болгон жашоонун татыктуу деӊгээлине карата укук; сот органдарында бирдей коргоого ээ болуу укугу.
«Никеге турууга, никелешүү жаш курагы жана никени каттоого карата макулдук жөнүндө» конвенция эки тараптын теӊ толук кандуу жана эркин түрдөгү макулудугусуз никеге турууга жол бербейт. Макулдук адамдын жеке өзү тарабынан билдирилүүсү керек, андан соӊ мыйзамга ылайык, никени каттоону жол-жоболоштуруу укугуна ээ бийлик өкүлүнүн жана күбөлөрдүн катышуусунда тиешелүү түрдө угузулат. Конвенция мамлекеттердин минималдуу никелешүү жаш курагын белгилөөсүн жана ушул куракка толо элек адам менен никеге турууга жол бербөөсүн караштырат. Өзгөчө учурду, эгерде бийликтин компетенттүү органы олуттуу себептерге таянып жаш курагын эске албоого уруксат берүүсү гана түзүшү мүмкүн,
«Баланын укуктары жөнүндө» конвенция балага карата бардык аракеттерде, баланын эӊ мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылууга эӊ биринчи кезекте көӊүл бурулуусу зарылдыгын белгилейт, Катышуучу-мамлекеттер ата-энелер, мыйзамдуу камкорчулар же балага кам көрүп жаткан башка бардык адамдар тарабынан дене бойлук же психологиялык зомбулуктун жасалуусунун, шылдыӊдоодон же кыянатчылык жасоодон, камкордуктун жоктугунан же этибарсыз мамиле жасоодон, орой мамиледен же эксплуатациялоодон, анын ичинде сексуалдык кыянатчылык жасоодон коргоо максатында бардык зарыл мыйзамдык, административдик, социалдык жана агартуучулук чараларды көрүүгө милдеттүү.
Мамлекеттин аялдардын укуктарын үй-бүлөдөгү жана коомдогу зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү саясатын калыптандыруу үчүн Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция, ага карата Факультативдик Протокол жана Сунуштамалар өзгөчө мааниге ээ. Бул документтер гендердик теӊ укуктуулукка жетишүүгө, ошондой эле аялдарга карата басмырлоону төмөндөтүүгө багытталган улуттук аракеттер планын так аныктап турат. Конвенция аялдарга карата зомбулуктун жана басмырлоонун конкреттүү чөйрөлөрүн бөлүп көрсөтөт жана мамлекеттерге аларды четтетүү үчүн позитивдүү кадамдарды кабыл алуу милдеттерин тапшырат.
Катышуучу-мамлекеттер Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетке Конвенциянын жоболорун аткаруу үчүн алар тарабынан кабыл алынган мыйзамдык, соттук, административдик жана башка чаралар жөнүндө, ошондой эле бул чөйрөдө жетишилген прогресстер жөнүндө баяндамаларды даярдоого жана сунуштоого милдеттенишет.
Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитет тарабынан жактырылган №19 Жалпы сунуштамада аялдарга карата зомбулук адам укуктарын бузуу болуп эсептелет деп таанылган жана өкмөт жеке адамдардын үй-бүлөсүндөгү, жумуш ордундагы жана коомдогу аракеттери үчүн эл аралык деӊгээлде жоопкерчилик тартышы керек деп белгиленген. Сунуштамада үй-бүлөдөгү зомбулук аялдарга карата зомбулуктун кыйла кеӊири тараган жана туӊгуюктуу түрүн камтыйт деп айтылат. Экономикалык көз карандысыздыктын жоктугу көптөгөн аялдарды үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдоого мажбурлоодо. Үй-бүлөдө зомбулуктун сакталышына аялдарды эркектерге карата баш ийген абалга койгон салттык ыкмалар түрткү берет.
№19 Сунуштамалар катышуучу-мамлекеттерге үй-бүлөдөгү зомбулукка багытталган мыйзамдар аялдарга тийиштүү түрдөгү коргоо кепилдигин берүүсүн камсыз кылуусун жетекчиликке алат. Конвенцияны сактоонун натыйжалуу зарыл шарты сот, укук коргоо, социалдык органдардын кызматкерлерин жана башка мамлекеттик кызмат адамдарын аялдарга карата зомбулук окуялары менен иштөөгө даярдоо болуп эсептелет. Өзгөчө көӊүл зомбулуктун жабырлануучуларына мамиле кылуунун этикалык стандарттарын сактоого бурулушу зарыл. Катышуучу-мамлекеттерге үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабдарына, себептерине жана кесепеттерине тиешелүү, ошондой эле анын алдын алуу жана күрөшүү боюнча чаралардын натыйжалуулугуна тиешелүү статистикалык көрсөткүчтөрдү чогултууну жана изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жайылтуу сунушталат. Катышуучу-мамлекеттерге үй-бүлөдөгү зомбулуктун жабырлануучуларына жардам көрсөтө турган кызматтарды түзүүнү же аларга колдоо көрсөтүүнү, кылмыш-жаза жазасын колдонууну, ошондой эле үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамдарды кайра тарбиялоо программаларын ишке ашырууну сунуштайт.
Жогоруда каралып өткөн аялдарды жана балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого тиешелүү эл аралык документтердин жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына имплементацияланган жана Конституцияда, Үй-бүлөлүк, Кылмыш-жаза кодекстеринде, Укук бузуулар жөнүндө, Балдар жөнүндө кодекстерде, «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамдарда, башка мыйзамдарда, ошондой эле улуттук программаларда жана аракеттер пландарында өз ордун тапкан.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы[1] эркектер жана аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ (24-бер. 3-п.), басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат (32-бер. 4-п.), баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат (27-бер. 2-п.), эч ким кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш (36-бер.4-п.), ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийгистикке укуктуу (59-бер. 1-п), ар бир адамга укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет (61-бер., 1-п.) жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу (61-бер. 4-п.).
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексине ылайык[2] мамлекет баланын жеке кол тийбестигин камсыз кылат, аны, анын ичинде үй-бүлөлүк чөйрөдө дене бойлук жана (же) психикалык, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз, орой же адамдык беделди кемсинткен мамиледен коргоону жүзөгө ашырат (16-бер).
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексинде[3] жубайлардын теӊ укуктуулугу белгиленген, жубайлардын бири-бирине карата гендердик басмырлоо жасашына жол берилбейт (32-бер.). Балдарга тарбия берүүдө кайдыгерлик, зөөкүрдүк, оройлук, адамдык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды эзүү усулу болбоого тийиш (70-бер.). Эгерде ата-энелер балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын дене боюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса, алар ата-энелик укуктарынан ажыратылышы мүмкүн (74-бер.). Бала ата-энесинин кыянатчылыгынан коргонууга укуктуу. 14 жашка толгон балага, зомбулук окуялары боюнча сотко түз кайрылуу укугу бекитилген (61-бер.).
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде[4] үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы үчүн кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга, же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жоопкерчилик жана кылмыш жасаган адамдын зомбулуктуу жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүүсү (177-бер.) караштырылган. Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө кодекси[5] тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы үчүн кылмыштын белгилери жок болгон учурда, 40 саатка коомдук иштерге тартуу, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонуу жоопкерчилиги караштырылган. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы боюнча берилген убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузгандыгы үчүн 40 саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алуу жазасы караштырылган, жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын оӊдоп-түзөөчү программадан өтүүдөн баш тартса эскертүү же 40 саатка коомдук иштерге тартылат.
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын зомбулуктуу жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча түзөтүү программасынан өтүүсүнө тиешелүү ченемдери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексинде[6] (61-7-бер.),Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» Мыйзамында (94-бер., 20-1-бер.), [7] Кыргыз Республикасынын «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө»[8] Мыйзамында караштырылган.
Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттерди көрүү чөйрөсүндөгү негиги документ болуп эсептелет, жабыр тарткан адамдарды сактоонун, коргоонун, жардам көрсөтүүнүн жана колдоо көрсөтүүнүн комплекстүү тутумунун укуктук негиздерин түзөт, мамлекеттик органдар жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата таасир этүүнүн атайын чараларын караштырат. Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрүнүн, жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн принциптеринин түшүндүрмөлөрүнүн топтомун аныктайт, жабыр тарткан адамдарды коргоонун атайын чараларын, анын ичинде балдарды жана кыймыл-аракети чектелген катары таанылган адамдарды коргоонун атайын чараларын караштырат.
Мамлекеттик органдардын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө»,[9] «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,[10] «Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө» Мыйзамдарында аныкталган.[11]
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо, коргоо жана алдын алуу боюнча мыйзамдуу чараларды ишке ашыруунун механизмдери мыйзам алдындагы актылар аркылуу ишке ашырылат, алардын ичинен кыйла маанилүүлөрүнүн катарына кийинки документтерди кошууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Убактылуу коргоо ордеринин формасын жана зомбулук тобокелдиктерине баа берүүнү жүргүзүү Усулун бекитүү жөнүндө Токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 562 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зордук-зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазаны медициналык документациялоонун Эрежелерин бекитүү жөнүндө» Токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы №418 «Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө
Жобону бекитүү жөнүндө» Токтому.
Кыргыз Республикасы 2030-жылга карата Туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби боюнча эл аралык милдеттерин аткарып жаткандыгын ырастады. Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо суроолору Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата Улуттук өнүгүү стратегиясына,[12] Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аны 2026-жылга[13] чейин ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын Планына, Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча Улуттук стратегиясына[14] жана ага карата ар бир 3 жыл сайын кабыл алынуучу Улуттук аракеттер планына (УАП)киргизилген. Өлкө азыркы учурда 2022-2024-жылдарга карата УАП ишке ашырды жана кийинки УАП иштеп чыгууга киришти.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеӊешинин тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аялдардын ролу жөнүндө 1325 Резолюциясынын катышуучусу болуу менен бирге аны ишке ашыруу боюнча үч жылдык Аракеттер пландарын кабыл алат, алар өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдарды зомбулуктан коргоону караштырат. Азыркы учурда 2022-2024-жылдарга карата План колдонулууда. [15]
2021-жылы БУУнун Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө комитети Кыргыз Республикасынын 2013-2018-жылдарга карата бешинчи мезгилдүү баяндамасы[16] боюнча жыйынтыктоочу сунуштамаларын берди, азыркы учурда өлкө алтынчы мезгилдүү баяндамасын даярдоого киришти.
[1] 5-май 2021-жыл.
[2] 10-июль, 2012-жыл, № 100.
[3] 30-август, 200-жыл, № 201.
[4] 28-октябрь, 2021-жыл, № 127.
[5] 28-октябрь, 2021-жыл, № 128.
[6] 31-январь, 2017-жыл, № 17.
[7] 24-февраль, 2017-жыл, № 34.
[8] 12-август, 2003-жыл, № 197.
[9] 5-май, 2021-жыл, №60.
[10] 20-октябрь, 2021-жыл, №123.
[11] 11-январь, 1994-жыл, № 1360-XII.
[12] Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген. 31-октябрь, 2018-жыл. ПЖ № 221.
[13] Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому менен бекитилген. 25-декабрь, 2021-жыл, № 352.
[14] Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому менен бекитилген. 16-сентябрь, 2022-жыл, № 513.
[15] Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Буюртмасы менен бекитилген. 8-апрель, 2022-жыл, № 183-б.
[16] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Буюртмасы менен жактырылган, 1-март, 2019-жыл, № 35-б. CОVID-19 пандемиясына байланыштуу баяндаманы кароо 2021-жылы жүргүзүлгөн.
