1-тема. 2-лекция.
1-тема. Үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү укуктук жана социалдык ченемдер
2-лекция.Үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү стереотиптер жана жалган түшүнүктөр
- Стереотип – бул адамдын кандайдыр бир нерсеге карата алдын ала түзүлгөн жеке көз карашына негизделген баа берүүсү, ал стереотиптик жүрүм-туруму аркылуу чагылуусу мүмкүн.
- Гендердик стереотип – бул жеке бир аялга же эркекке карата ал (аял/эркек) болгону аялдардын же эркектердин социалдык тобуна тиешелүүлүгүнөн улам гана айрым бир сапаттарды, мүнөздөмөлөрдү же ролдорду ыйгаруу, таӊуулоо тажрыйбасы.
Коомдун аӊ сезиминде гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө тиешелүү стереотиптүү[1] көз караштар жана жалган түшүнүктөр бар (ойдон чыгарылган көз караштар). Зомбулукка карата жалган түшүнүктөр жана стереотиптүү мамилелер коомдун аялдарга карата зомбулукту кабыл алуусун жана реакциясын калыптандырат. Бул жалган түшүнүктөр жана стереотиптер зыяндуу, анткени алар агрессорлорду жоопкерчиликке чакыргандын ордуна, адатта күнөөнү зомбулуктан жабыр тарткан адамга оодара салат. Мындай жалган түшүнүктөр зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга чоӊ зыян алып келүүсү жана алардын жардам сурап кайрылуусуна тосколдук кылуусу мүмкүн. Демек, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү менен иш алып барган кызматкерлердин жалган түшүнүктөрдүн жана реалдуулуктун ортосундагы айырмачылыкты түшүнүүсүнүн зарылчылыгы дал мына ушунда. Алар бул айырмачылыкты түшүнүшсө гана, кесипкөйлүк жана калыстык мамиле кылуу менен жабыр тарткан адамдар кабылган кырдаалды мыкты түшүнө алышат. Социалдык камсыздоо кызматкерлерине жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча милдеттер жүктөлгөн жана алардын жүрүм-туруму жабыр тарткан адамдарды кайрадан жабыркатуунун (виктимизациялоонун) себеби болбошу керек. Социалдык кызматкерлер үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө орун алып келе жаткан жалган түшүнүктөрдү жана стереотиптик көз караштарды жетекчиликке алып, жабыр тарткан адамдарды күнөөлөбөшү жана кысым көрсөтпөшү керек.
Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кыйла кеӊири тараган бир нече жалган түшүнүктөрдү карап чыгалы.
Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулукка тыюу салынат жана ал мамлекет тарабынан жазаланат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо, алдын алуу жана коргоо чаралары Кылмыш-жаза кодексинде, Укук бузуулар жөнүндө, балдар жөнүндө кодекстерде, Үй-бүлөлүк кодексте, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө», «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамдарында караштырылган. Демек, Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулук жеке иш болуп эсептелбейт, ал эми мамлекеттик органдар болсо бул терс көрүнүштүн тамырын кыркуу максатында укуктук жана социалдык мүнөздөгү чаралардын комплексин ишке ашырышат.
№ 2 жалган түшүнүк: Аялдар аларды жазалоону ɵздɵрү каалашат.
Бул, аялдарды уруп сабаса болот деген кеңири жайылып кеткен көз караш, аялдарды уруп сабоо кɵйгɵйү социалдык кɵйгɵй экендигин далилдеп турат: мунун тамыры гендердик стереотиптерде, мындай кɵз караштар адамдарга бала чагынан сиңирилип, коомчулукта колдонулуусун улантып жатат. Кыргыз Республикасында күйɵɵсү аялын кандай гана жолдор менен болбосун тарбиялай алат деген пикир кеӊири тарап жүрөт. Жакында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, 15-49 жаш курактарына тиешелүү аялдардын ичинен 16% аял ((21% айылдык жана 15% шаардык) аял, эгерде ал күйөөсүнө айтпай кетип калса, эгерде балдарына кам көрбөсө, аны менен талашса, аны менен жыныстык катнаштан баш тартса же анын тамагы күйүп кетсе аялын уруп сабаса болот деп аялды уруп сабоону акташат.[2] Мына ушундайча, эгер аял ɵзүн башкача алып жүрсɵ, анда аны «жазалоого туура келмек эмес эле» деп эсептешет. Бул жомокко таяк жеген аялдар – булар күйɵɵсүнɵ мамиле кылганды билбеген, аны тынчтандырганды, эс алдырганды билбеген, ага жагымдуу нерселерди жасай албаган жаман аялдар ж.б. деген пикирди дагы чаптап келишет. Реалдуу жашоодо башка аял болсо тилин тапканды билмек жана күйɵɵсүндɵ зомбулук жасаганга себеп дагы жок болгондой кылып коймок деген ой-пикирлерди кɵп эле кездештирүүгɵ болот.
Бул кɵз караштардын баары аялды күйɵɵсүнүн терс жүрүм-турумунун себепчиси кылып коёт жана аялдын ɵзүнүн жүрүм-туруму зомбулукка алып келет деген божомолдорго такайт. Бирок кризистик борборлордун кɵрсɵткүчтɵрү, мурунку никесинде зомбулук жасаган эркектер кийинки никесиндеги башка аялына карата дагы зомбулук жасай тургандыгын кɵрсɵтүп турат, себеби мындайлар агрессияны колдонуу үчүн дайыма себеп табышат.
№ 3 жалган түшүнүк: Гендердик зомбулуктун себептери – кɵз карандылыкка алып келе турган заттарды, мисалы, ичимдикти жана\же баңги заттарын кɵп колдонуу.
Ар түрдүү заттарды колдонуу, кɵп учурда аялдарга карата үй-бүлɵлүк жана гендердик зомбулук жасоо менен коштолоруна жана агрессияны токтотуу сапатын тɵмɵндɵтүп коёруна карабай бул коштоочу фактор болуп эсептелет, бирок зомбулуктун негизги себеби эмес. Ичимдиктерди жана баңги заттарын ашыкча кыянаттык менен колдонууну зомбулукту актоочу сапаттар катары карабоо керек. Тажрыйба, баңги заттарын жана ичимдиктерди зомбулук жасаган адамдардын баары эле колдоно бербестигин жана баңги заттарын колдонгондордун баары эле зомбулук жасабай тургандыгын кɵрсɵттү.
№ 4 жалган түшүнүк: Эркектер өздөрүнүн ачуусун кɵзɵмɵлдɵй алышпайт, ошондуктан үй-бүлɵлүк зомбулук жасашат. Үй-бүлɵлүк зомбулук – атайылап жасалган жүрүм-турум, жана эркектер ɵздɵрүн кɵзɵмɵлдɵй алышат. Алардын зомбулугу конкреттүү адамдарга, алардан кɵз каранды же алсызыраак адамдарга карата багытталган. Үй-бүлɵлүк зомбулуктун күнɵɵкɵрлɵрү мындай учурларда канчалык ачууланып же таарынып турушса дагы ɵздɵрүнүн жетекчилерине, же кɵчɵдɵгү адамдарга кол салышпайт да.
№ 5 жалган түшүнүк: Аялдар үй-бүлɵдɵ эркектер сыяктуу эле зомбулукту кɵп жасашат
Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын расмий көрсөткүчтөрүнө ылайык, 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана убактылуу коргоо ордери берилген адамдардын ичинен 97,2% эркектер түзгөн, ал эми 2,8% аялдар түзгөн. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын ичинен аялдар – 97,5% түзгөн, ал эми эркектер – 2,8%. Мындай көрүнүш 2004-жылдан бери белгиленип келе жатат.[3] Демек, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук гендердик көйгөй болуп эсептелет, анткени жабыр тарткан адамдардын басымдуу бөлүгү – аялдар, үй-бүлөлүк агрессорлордун көпчүлүгү – эркектер.
№ 6 жалган түшүнүк: Жакындар урушса – бат эле табышат. Урса – демек сүйөт
Бул жалган түшүнүккө талдоо жүргүзсөк, уруш-талаштын/ карама-каршылыктын жана зомбулуктун ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды унутпоо зарыл. уруш-талаштар жана карама-каршылыктар чындыгында эле көптөгөн мамилелерде орун алышы мүмкүн.
Үй-бүлөлүк зомбулук уруш-талаш дагы, үй-бүлөлүк карама-каршылык дагы болуп эсептелбейт. Зомбулук кырдаалында бир адам өзүнүн дене бойлук күчүн, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, социалдык макамын ж.б. колдонуп башка адамды көзөмөлдөөгө умтулат. Үй-бүлөлүк зомбулук уруш-талаштан же карама-каршылыктан циклдүүлүгү (кайталанмалуулугу), интенсивдүүлүгү, ошондой эле зомбулук актысынын келтирген зыяндары менен айырмаланат. Эгерде үй-бүлөдө зомбулук болсо – бул эпизод, ал эми зомбулук – бул система. Үй-бүлөлүк зомбулук адамдардын ден соолугу жана өмүрү үчүн олутуу зыяндарды алып келиши мүмкүн.
№ 7 жалган түшүнүк: Эгерде аял зомбулукка чыдап жатса жана күйөөсүнөн кетпесе, балким баары жаман эместир
Көптөгөн аялдар уруп-сабоого жашай турган жеке турак-жайынын жоктугунан, коомдун ажырашкан аялга карата терс мамилесинен, өзүн жана балдарын бага албайм деп коркуудан, жакындары тарабынан колдоо көрсөтүүнүн жана түшүнүүнүн жоктугунан улам чыдашат.
Жогоруда каралып кеткендей, аялдар зомбулукту жубайлык жашоонун мыйзам ченемдүүлүгү деп кабыл алуулары мүмкүн. Мисалы, атасы аялын урса жана басынтса, анда кыз, үй-бүлөнүн башка моделин билбегендиктен өзүнүн күйөөсү тараптан ушундай зомбулуктуу мамилеге чыдай бериши мүмкүн, ал эми эркек бала болсо өзүнүн үй-бүлөсүндө зомбулук жасайт. Тилекке каршы, кыргыз коомчулугунун менталитетинде аялдын ат-энеси кызы кайра үйүнө келсе кабыл алышпайт, анан балдары дагы болсо дагы.
Көптөгөн окуяларда аялдар балдарга мейли кандай болсо дагы ата керек деп шилтеме келтиришет. Бирок бул жалган түшүнүк адамдар зомбулуктан жабыр тарткан балдар жөнүндө ойлоно башташканда сынып, талкаланат. Идеалдуулукта балдар апага дагы, атага дагы зарыл болушары талашсыз. Бирок, үй-бүлөдөгү зомбулук шарттарында жашаган балдар зомбулуктан кутулуу үчүн апасынан атасынан качып кетүүсүн өздөрү сурануулары мүмкүн. Көптөгөн балдар үй-бүлөдөгү шылдыӊдоодон, басынтуудан качуу үчүн гана чоӊ апасыныкында жана чоӊ атасыныкында же ал тургай интернатта дагы жашоону туура көрүшү мүмкүн. Кыргызстанда балдардын 37% үй-бүлөдөгү дене бойлук жазалоого, алардын ичинен 2% катаал дене бойлук жазалоого кабылышууда.[4]
Калыптанып калган стереотиптерге ылайык майыптыгы бар адамдар жана улгайган адамдар эч нерсеге муктаж болушпайт деп ойлошот жана алардын муктаждыктарына көп учурда кайдыгер мамиле жасашат.[5] Бул майыптыгы бар адамдардын жана улгайган адамдардын өз үйлөрүнөн чыга албоосуна, алар менен аз баарлашуу, аларды сейрек жуундуруу сыяктуу мамилелерге алып келиши мүмкүн. Мунун баары үй-бүлөлүк зомбулуктун формаларынын бири болуп саналган этибарсыз мамилеге кирет.
Демек, зомбулук жөнүндө стереотиптер жана жалган түшүнүктөр теӊ укуксуздуктун сакталышына жана тереӊдешине алып келет, аялдардын жана башка аярлуу топтордун мүмкүнчүлүктөрүн чектейт, бул коомдун толук кандуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө тоскоолдуктарды пайда кылат.
[1] «Стереотип» сөзүнүн түпкү теги грек тилине тиешелүү: «stereos» «калыӊ» жана «typos» – «образ тип» дегенди түшүндүрөт. Алгач стереотип деп басмаканага тиешелүү басуучу форманы түшүндүргөн терминди (клише) түшүнчүбүз, анын жардамы менен текст басылчу.
[2] Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Кыргыз Ресупбликасы. Көп индикаторлуу класстердик изилдөө 2023. Жыйынтыктоочу отчет. Бишкек. Кыргыз Республикасы: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети. БУУнун Балдар фонду, (ЮНИСЕФ), 2024. Кыргызстан.
[3] 7.13-таблица, «Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери» статистикалык жыйнак. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети. Кыргыз Республикасы, Бишкек, 2024.
[4] Национальный статистический комитет Кыргызской Республики, Детский фонд ООН (ЮНИСЕФ). Кыргызская Республика. Многоиндикаторное кластерное обследование 2023. Итоговый отчет. Бишкек, Кыргызская Республика: Национальный статистический комитет Кыргызской Республики, Детский фонд ООН (ЮНИСЕФ), 2024. Кыргызстан.
[5] Отчет о выявлении негативных стереотипов в отношении женщин и мужчин с инвалидностью и сельских женщин. Бишкек: 2018, ПРООН, ОФ ЦИДП.
