2-тема. 1-лекция.
2-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн стандарттык операциондук процедуралар
1-лекция. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнүн принциптери
Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамы (мындан ары Мыйзам), үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоону жана аларга колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн өз жумуштарында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашырган субьекттер жетекчиликке ала турган принциптерди караштырат.
-
Адам укуктары жана гендердик теӊ укуктуулук чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды жана эл аралык стандарттарды сактоо. Бул принципке ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашырган субьекттер өздөрүнүн иштеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, эл аралык укуктун ченемдерин жана жалпы таанылган принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алышы керек. Бул адамдын, аялдардын жана балдардын укуктарын сыйлоону, гендердик теӊ укуктуулукту сактоону, басмырлоону жоюуну камтыйт.
-
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардамдарды жана кызматтарды көрсөтүүдөгү укук коргоочулук ыкма. Бул принцип үй-бүлөлүк зомбулук адамдын ден соолукта болуу жана өнүгүү укуктарын бузуу, коркуудан жана зомбулуктан эркин болуп жашоо укуктарын бузуу катары таанылат дегенди түшүндүрөт. Бул жабыр тарткан адамдардын коопсуздукка жана жардам берүүгө карата укуктарын камтыйт. ЭСКМБ кызматкерлери алардын милдеттери жабыр тарткан адамдарга социалдык, психологиялык, юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана медициналык жардамдын жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу экендигин түшүнүүлөрү зарыл.
-
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун жеткиликтүүлүгүнүн бирдейлиги. Бардык жабыр тарткан адамдар алардын жынысына, жаш курагына, социалдык абалына жана башка айырмачылыктарына карабастан, коргоонун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей жеткиликтүүлүгүнө ээ болуулары керек. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган ар бир адамды коргоодо теӊ укуктуулукту камсыз кылуу жана өзүнүн жүрүм-турумунда теӊ укуксуздуктун же кайдыгерликтин эч кандай формаларына жол бербөөнү камсыз кылуу маанилүү.
-
Үй-бүлөлүк зомбулукка түрткү болгон жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин басмырлаган элдик салттарга жана адаттарга жол бербөө. Үй-бүлөлүк зомбулукту актаган же жашырган бардык салттарга жана адаттарга каршы туруу зарыл. Бул кызматкерлерден кесипкөйлүктү, айрым адаттар адамдардын жашоосу жана ден соолугу үчүн коркунучтуу болуусу мүмкүн экендигин түшүнүүнү талап кылат. Бул принцип үй-бүлөлүк зомбулук суроолору боюнча терс стереотиптик көз караштарды жоюунун зарылчылыгын баса белгилейт.
-
Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы үчүн жоопкерчилик. Ички иштер органдары айыпкерлерди жоопкерчиликке тартууну камсыз кылууга милдеттүү, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам мыйзамда караштырылган боюнча жазаланышы керек. Бул үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө билдирүүлөргө өз убагында чара көрүүнү, далилдерди чогултууну жана тиешелүү чараларды кабыл алууну камтыйт.
-
Алдын алууга багытталуу. ЭСКМБ үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жаатында активдүү иштөөлөрү керек. Бул калк арасында үй-бүлөлүк зомбулукту сактоо жана коргоо суроолору боюнча алдын алуучулук жана маалыматтык-агартуучулук иштерди активдүү иштерди жүргүзүүгө активдүү катышууну камтыйт.
-
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жарандардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого карата укуктарын сактоо үчүн жоопкерчилиги. Бул принцип үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттери жабыр тарткан адамдардын укуктарын коргоо үчүн мыйзам тарабынан көрүлгөн бардык чараларды көрүүлөрү зарыл дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча мыйзамда белгиленген милдеттерин аткарбаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
-
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого коомчулуктун катышуусу. Бул принцип үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин жабыр тарткан адамдарды коргоо жаатында иш алып барган коомдук уюмдар менен кызматташуу дегенди түшүндүрөт. Бул кызматташтык калктын үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү жөнүндөгү маалыматтуулугун жогорулатууга жана жабыр тарткан адамдар үчүн коомдук ресурстарды мобилдештирүүгө жол ачат.
-
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын кылмыш-жаза мыйзамы же укук бузуулар жөнүндө мыйзамы боюнча жоопкерчиликке тартылышынан көз карандысыз түрдө үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого алуу. Бул принцип үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жазалоо, жабыр тарткан адамга социалдык, психологиялык, юридикалык жана башка жардамдарды көрсөтүүнү токтотуу үчүн негиз катары каралышы мүмкүн эмес дегенди түшүндүрөт.
-
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдардан жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан сырткаркы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын жардам алууга ыктыярдуулугу. Бул принципке ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аракетке жөндөмдүү адам мыйзамда караштырылган жардамды алууга же андан баш тартууга укуктуу. Ыктыярдуулук принциби балдарга жана аракетке жөндөмсүз адамдарга карата жайылтылбайт, бул адамдардын атынан чечимди алардын мыйзамдуу өкүлдөрү кабыл алышат.
-
Кош бойлуу аялдардын жана эмчек эмизген аялдардын, майыптыгы бар адамдардын, балдардын, аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын, улгайган адамдардын, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өзгөчө муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу. Жабыр тарткан адамдар менен иштөөдө алардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу маанилүү. Мисалы, майыптыгы бар адамдар үчүн атайын талаптар талап кылынышы мүмкүн, мисалы, пандустар же сурдокотормочу. Эмчек эмизген аялдар үчүн эне жана бала үчүн бөлмө ж.б. берилиши керек.
Мыйзамда камтылган принциптер үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоого багытталган эл аралык стандарттарга көп жеринен шайкеш келет. Эки ыкма теӊ адам укуктарын, гендердик теӊ укуктуулукту сактоонун, басмырлоого жол бербөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт, жабыр тарткан адамдардын коопсуздугуна, көрсөткүчтөрдүн конфиденциалдуулугуна, укуктар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтуулукка, ошондой эле бардык жарандарга алардын социалдык макамынан көз карандысыз түрдө коргоонун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көӊүл бурат.
Эл аралык деӊгээлде гендердик зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга кызмат көрсөтүү принциптери жана стандарттык операциондук процедуралар иштелип чыккан, алардын максаты кызмат көрсөтүүлөрдү жогорку сапаттуу кылууну камсыз кылуу болуп эсептелет. «Зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн топтому» документинде саламаттыкты сактоо, социалдык кызматтар, укук коргоо органдары жана сот адилеттиги сыяктуу чөйрөлөрдө кызматтарды көрсөтүүнүн жетектөөчү принциптери жана стандарттары аныкталган, ошондой эле кызматтарды көрсөтүүнү координациялоо боюнча жоболор камтылган.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн топтому эӊ биринчи кезекте интимдик өнөктөшү тарабынан зомбулук жана башка адам тарабынан сексуалдык зомбулук окуяларына багытталган, ошондой эле документте алар аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун башка формаларына карата колдонулушу мүмкүн деп белгиленген.
Ишмердүүлүктө мындай стандарттарды колдонуу жабыр тарткан адамдардын укуктарын коргоо процессинде укук коргоо органдары тарабынан аларды кайрадан жабыркатуу тобокелчилигин жоёт. Бул процедуралар жабыр тарткан аялдар менен өз ара натыйжалуу аракеттенүүгө жол ачат жана аларды жогорку кесипкөйлүк деӊгээлде коргоону камсыз кылат.
Стандарттар укук коргоо органдарынын конкреттүү аракеттерин кенен баяндап жазып чыгууну өзүнө камтыбайт, бул улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынат. Ошол эле учурда стандарттар жабыр тарткан адамдарга мамиле кылуунун так жана кенен сыпаттамасы менен камсыз кылат.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар менен иштөөнүн стандарттык процедуралары кийинки принциптерге негизделет: коопсуздук, купуялуулук, маалыматтуулук, аӊ сезимдүү тандоо, макутаждыктарды эске алуу жана басмырлоонун жоктугу.
-
Коопсуздук жабыр тарткан адамды зомбулук жасаган адамдан эч кечиктирбестен бөлүүнү, ошондой эле анын жашоосунун жана ден соолугунун коопсуздугуна баа берүүнү камтыйт. Коопсуздугуна баа берүү зомбулук фактысы боюнча кайрылган учурда жүргүзүлүшү керек. Укук коргоо органынын өкүлү аялы жана анын балдарына эч ким жана эч нерсе коркунуч келтирбей тургандыгына ишенүүсү керек. Практикада болсо арыз берүүчүлөргө карата зомбулук жасаган адам жана анын туугандары же башка адамдар тарабынан коркутуулар көп болгон учурлар орун алат.
Жабыр тарткан адамды зомбулук жасаган адам менен жалгыз калтырууга таптакыр тыюу салынат, анткени ал аны шылдыӊдоосу, коркутушу, дене бойлук зыян келтириши же өлтүрүп коюушу мүмкүн. Бирок практикада ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмышкерди жана жабыр тарткан адамды алар элдешсин деген себеп менен жалгыз калтырып коюшат.
Бурулай Турдаалы кызы, никеге туруу үчүн уурдалган, Чүй облусунун РИИБ имаратынын ичинде өлтүрүлгөн, себеби милиционерлер тарабынан уурдаган адам менен чогуу жалгыз калтырылган, ал болсо ага бычак менен өлүмгө алып келген жаракаттарды келтирген.
-
Купуялуулук. Купуялуулукту сактоо – жабыр тарткан адам жөнүндөгү маалыматтар ачыкка чыгып кетпөөсү жана ага зыян алып келбөөсү үчүн маалыматтарды купуя сыр катары сактоо дегенди түшүндүрөт. Купуялуулук жабыр тарткан адамды суракка алууда үчүнчү тараптарды катыштырбоо, жеке көрсөткүчтөрү, жашаган дареги жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле процесстин бардык катышуучуларына берилген көрсөтмөлөрүн ачыкка чыгарбоо жөнүндө эскертүү аркылуу камсыз кылынат. Бул айыпкер тарап – зомбулук жасаган адам, анын туугандары, тааныштары, адвокат жабыр тарткан адамды айыптоодон баш тарттыруу максатында анын ар намысына жана кадыр-баркына шек келтириши, ага кысым көрсөтүшү, зомбулук жасашы мүмкүн экендиги менен байланыштуу. Мындан сырткары, коомчулукта, мамлекеттик кызматкерлердин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын арасында аялдар аларды күйөөсү уруп жаткандыгына же зордуктоого өздөрү күнөөлүү деген стереотиптик көз караштар жайылган.
Азыркы учурда купуялуулук тергөөнүн бардык этаптарында бузулууда.
-
Маалыматтуулук. Жабыр тарткан адамдар мыйзамда караштырылган укуктары, ошондой эле иштеп жаткан жардам көрсөтүү кызматтары жөнүндө маалыматка ээ болуулары керек. Жардам берүү кызматтары жөнүндө маалымдоо медициналык мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана кризистик борборлордун телефондорун жана даректерин берүүнү камтыйт.
Жыныстык кылмыштарда жабыр тарткан адамдарга байланыштан кийинки алгачкы 72 сааттын ичинде жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялардын, ВИЧ-инфекциясынын жана күтүүсүз кош бойлуулуктун акысыз түрдө алдын алуу жөнүндө милдеттүү түрдө маалымат берилиши керек.
-
Аӊ сезимдүү тандоо, жабыр тарткан адамдардын чечимдерди аӊ сезимдүү түрдө кабыл алуусун камтыйт, муну үчүн аларга ар тараптуу маалымат берилиши керек. Алсак, мисалы, жабыр тарткан аял зомбулук жасаган адам менен элдешүү жөнүндө чечим кабыл алып жатканда бул аракеттин кылмыш-жаза укуктук кесепеттерин билүүсү керек. Практикада болсо, уурдоого кабылган жабыр тарткан аялдар үйлөнөм деп сөз берген же материалдык кесепеттерин калыбына келтирген учурларда өздөрүн уурдаган адамдар менен элдешип алышкан учурлар бар. Бирок көптөгөн окуяларда уурдаган адамдар элдешүүнүн шарттарын аткарышкан эмес жана аялдар алданып калышкан жана мындан соӊ бузулган укуктарын кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышкан эмес.
-
Басмырлабоо принциби жабыр тарткан аялдар менен алардын жынысына, жаш курагына, расасына, этникалык келип чыгуусуна, жашоо образына же зомбулук жагдайына карабастан татыктуу мамиле кылууну камтыйт. Өзгөчө бул принцип үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялга карата бузулат. Жардам берүү кызматтарынын кызматкерлери көп учурда зомбулукка кабылганына аялдар өздөрү күнөөлүү деп эсептешет.
Жабыр тарткан адамдарга басмырлоочу суроолорду берген, орунсуз кеӊештерди жана сунуштамаларды берген учурлар аз эмес. Мисалы, аялга зомбулуктан качуу үчүн ал кандай жооп берүүсү керек экендиги жана зомбулуктан качуу үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө айтып беришет, бул аркылуу жабыр тарткан аялда өзүн күнөөлүү сезүү сезимин пайда кылышат. Башка окуяларда болсо түзөтүү иштери же камакка алуу сыяктуу жазалоо чараларын ашыкча драмалаштырышат. Мындай кесипкөйлүк эмес аракеттердин жыйынтыгында аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттери тарабынан коргоо жана жардам алуу укуктарынан ажырашат, бул болсо коомчулукта мындай терс тажрыйбалардын жайылышына жана тамырлашына түрткү болот.
Улуттук жана эл аралык принциптерди сактоо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жогорку кесипкөйлүк деӊгээлде камсыз кылуунун милдеттүү түрдөгү шарты болуп эсептелет.
