2-тема. 2-лекция.

КГ-Тема-2-Лекция-2-Особенности-оказания-помощи-женщиным-1

2-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн стандарттык операциондук процедуралар

2-лекция. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам берүүнүн өзгөчөлүктөрү

Биринчи байланышуу аялга же баланын мыйзамдуу өкүлүнө социалдык өнүктүрүү  органдары зарыл жардамды берүүгө даяр экендигин көрсөтүүсү керек. 

Мыйзамдын принциптерин, ошондой эле эл аралык стандарттарды сактоо менен, социалдык өнүктүрүү органдарынын кызматкерлери өз функцияларын натыйжалуу аткара алышат жана жабыр тарткан адамдарды экинчи жолу жабыркатууга жол бербөөлөрү керек. 

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялды суракка алуу боюнча жалпы сунуштамалар 

  • Жагымдуу маанайда учурашыӊыз. Өзүӊүздү тааныштырыӊыз жана өзүӊүздүн жардам берүүдөгү компетенцияӊыз тууралуу кыскача маалымат бериӊиз.  Арыз берүүчүлөрдүн өздөрүн тааныштыруусун сураныӊыз. 

  • Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам менен жалгыз калтырбаӊыз. 

  • Сүйлөшүүнү тынчтыкта жана ак ниетүү, жагымдуу маанайда алып барыӊыз, суу сунуштаӊыз, кагаз бет аарчы коюп коюӊуз.

  • Сүйлөшүү үчүн ачык болуӊуз. Өзүӊүздүн жардам берүүгө кызыкдар экендигиӊизди көрсөтүӊүз.  Үндүн тону, жүзүӊүздүн абалы жана көз караш, сөздөрдүн мазмуну сиздин болуп өткөндөргө тынчсызданып турганыӊыздан белги берип турушу керек. 

  • Зомбулукка кабылган аял (эркек) жана аны коштогон адамдар менен дене бойлук байланышуудан (капыстан тийип кетүү сыяктуу) алыс болуӊуз. 

  • Жабыр тарткан аялдан (эркектен)/мыйзамдуу өкүлдөн ошол жыныстагы кызматкеринин колдоосуна алууну каалайбы сураӊыз (мүмкүнчүлүккө жараша).

  • Арыз берүүчүлөргө алар маанилүү деп эсептеген бардык нерселер жөнүндө суроо бергенге мүмкүнчүлүк бериӊиз.  

  • Калктын ар түрдүү топторунун муктаждыктарын эсиӊизден чыгарбаӊыз (мисалы, майыптыгы бар адамдардын, мамлекеттик/расмий тилди билбегендердин, дин жолундагы адамдардын жана этникалык азчылыктардын) жана алардын муктаждыктарын эске алуу үчүн бардык аракеттерди көрүӊүз. 

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар менен сүйлөшүүдө принциптерди колдонуу боюнча практикалык сунуштамалар

  • активдүү түрдө угуӊуз жана тактоочу суроолорду бериӊиз.   

  • зомбулук тууралуу суроолорду берүүдө – демилгени өз колуӊузга алыӊыз, аял өзү айтып берет деп күтпөӊүз. Бул ага (аялга) ал кабылган кырдаал үчүн сиз кесипкөйлүк жоопкерчиликти өзүӊүзгө алып жатканыӊызды көрсөтөт жана ишенимдүү мамиле түзүүгө жардам берет;

  • эсиӊизден чыгарбаӊыз, жабыр тарткан аял стресстик же шок абалында болуусу мүмкүн жана албетте ага өзүнө карата зомбулук кандайча жасалгандыгына жана андан улам келтирилген зыяндарга адекваттуу баа берүүсү кыйын; 

  • аялга болуп өткөн зомбулук жөнүндө зомбулук жасаган адамдын, балдардын же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн катышуусунда суроо берүүгө тыюу салынат; 

  • чыдамкай болуӊуз, эсиӊизден чыгарбаӊыз, кризистин шартында турган учурда аял зомбулук жасаган адамга карата карама-каршылыктуу сезимдерге ээ болушу мүмкүн; 

  • анын ой-санааларын кунт коюу менен көӊүл буруп угуӊуз жана анын сезимдери актала тургандыгына ишендириӊиз; 

  • жабыр тарткан аял сүйлөп жаткан тилди колдонуӊуз, зарылчылыкка жараша котормочу чакырыӊыз же жабыр тарткан аял сүйлөгөн тилди билген кызматкерди чакырыӊыз; 

  • тилди жана сөздөрдү түшүнүү деӊгээлине чейин ыӊгайлаштырып жөнөкөйлөштүрүӊүз. Аялды адаштыра турган кесиптик лексиконду жана билдирүүлөрдү колдонбоӊуз; 

  • суроолорду жана фразаларды жагымдуу жана таӊуулабаган маанайда бериӊиз, ага   боорукердикти сездирген   тонду колдонуӊуз; 

  • аялды айыптабаӊыз. Ачык суроолорду колдонуӊуз жана эрежеге ылайык жабыр тарткан аялды өзүн айыптуу сездирген «эмне үчүн» деп башталган суроолорду бергенден качыӊыз; 

  • кийинкидей жардамчы ырастоолорду колдонуӊуз: «Мен сизге карата ушундай болгонуна өкүнүп турам» же «Сиз чын эле көп нерсени башыӊыздан өткөрдүӊүз», буларды колдонуу аялдын көбүрөөк маалыматты ачыктап берүүсүнө түрткү берет;

  • зомбулуктун болгонуна жабыр тарткан аял айыптуу эмес экендигин жана ал үчүн бир гана аны жасаган адам жоопкерчилик тарта тургандыгын баса белгилеӊиз;

  • маалымат конфиденциалдуу бойдон сактала тургандыгын түшүндүрүӊүз, ошондой эле жабыр тарткан аялга конфиденциалдуулукту сактоо үчүн бардык чектөөлөр сактала тургандыгын билдириӊиз; 

  • маданий жана диний көз караштан орундуу деп саналган көзмө көз байланышууну колдонуӊуз.  Сүйлөшүү процесси жүрүп жаткан учурда телефон менен сүйлөшүп алаксыбаӊыз;

  • өзүӊүздүн дене боюӊуздун тилине жоопкерчиликтүү мамиле кылыӊыз. Сиз кантип турасыз жана колуӊуз жана башыӊыз кандай абалда, сиздин жүзүӊүздүн түрү жана сүйлөшүп жаткандагы үнүӊүздүн тону кандай, – мунун баары аялга сиз кырдаалды кандай кабыл алып жаткандыгыӊыздан кабар берет;

  • жабыр тарткан аялга анын укуктары жана көрсөтүлүүчү жардамдын түрлөрү, ошондой эле зомбулук жасаган адамга карата колдонулуусу мүмкүн болгон чаралар тууралуу маалымат бериӊиз. Эсиӊизден чыгарбаӊыз, жабыр тарткан аял көпчүлүк учурда мыйзамдарды билбейт, юридикалык тилди түшүнүү жана баарын эстеп калуу ал үчүн кыйын. Мүмкүнчүлүккө жараша ага учурда иштеп жаткан коргоо механизмдери жана жардам көрсөтүү кызматтары тууралуу маалыматтарды камтыган буклетти бериӊиз; 

  • укуктар тууралуу маалымат бергенде анын аларды дароо колдонушун талап кылбаӊыз. Шаштырбаӊыз, ага (аял/эркек) кырдаалга баа берүүгө жардам берген маалыматтарды сунуш кылыӊыз жана ага өз укуктарынан пайдаланабы же жокпу өз алдынча чечим кабыл алганга жол бериӊиз;  

  • жабыр тарткан аялды анын керектөөлөрүнө ылайык квалификациялуу жардам көрсөткөн адистерге же уюмдарга жөнөтүӊүз; 

  • эгерде жабыр тарткан аялдын коопсуздугуна тынчсыздануу бар болсо, бул тууралуу ага айтыӊыз жана анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүӊүз;  

  • анын дарегине карата коркунучтарды өзгөчө көӊүл буруу менен жана абдан олуттуу кабыл алыӊыз (өлтүрөм деп коркутууларды кошкондо).

  • кырдаал коркунучтуу болгон учурда аялга балдары менен кошо  жардам алуу үчүн кризистик борборлорго, баш калкалоочу жайларга, коопсуз жайга кайрылууну сунуш кылыӊыз. Жабыр тарткан аялга кризистик жана укуктук борборлордун телефондору менен даректерин бериӊиз, эсиӊизден чыгарбаӊыз, жабыр тарткан аял сизге ишенбөөсү мүмкүн, муну толук кандуу түрдө түшүнсө болот;

  • жасай албай турган нерселер тууралуу сөз бербеӊиз. Бул жабыр тарткан аялга андан дагы оор кесепеттерди алып келүүсү мүмкүн; 

  • чыдамкайлуулукту жана урмат-сый менен мамиле кылууну сактаӊыз.  

Зомбулук жасаган адамды актаган жана жабыр тарткан аялдын сөздөрүнө шек саноого алып келген фразаларды колдонбоӊуз. Таблицада жабыр тарткан адамдар менен сүйлөшүүдө колдонууну сунуш кылбай турган басмырлоочу суроолор келтирилген. 

1-таблица. Аял менен сүйлөшүүдөгү орунсуз суроолор

 Орундуу суроолор/жооптор

 Орунсуз суроолор/жооптор

  • Мен сизди туура эле түшүндүмбү, сизди күйөөӊүз урдубу?

  • Сизге азыр коркунуч келтирилип жатабы?

  • Сиз же дагы бирөө жаракат алдыбы?

  • Болуп өткөн окуяга сиз күнөөлүү эмессиз.

  • Биз кандай жардам бере алабыз, каякка кайрылсаӊыз болорун айтып берем жана сиз өзүӊүз үчүн эмне мыкты болорун чечесиз. 

  • Биз сүйлөшүп жаткан бардык нерселер биздин гана ортобузда калат. Мен сиздин уруксатыӊыз жок эч кимге эч нерсе айтпайм. 

  • Сиз мунун баарын башыӊыздан кечирип жатканыӊызга кейип турам.

  • Сиз азыр дароо чечим кабыл алууга милдеттүү эмессиз. Сиз өзүӊүзгө социалдык же психологиялык жардам керекпи ойлонуп чечим кабыл алсаӊыз болот.  

  •  А сизди эмнеге сабады? Сиз эмне кылып жибердиӊиз эле?

  • Мына эми ал сизди эмне үчүн сабаганы түшүнүктүү.

  • Ишенем, күйөөӊүз сизге зыян келтирүүнү же оорутууну каалабаса керек.

  • Күйөөӊүз сизди сабаганы үчүн сарсанаа болуп жатышы мүмкүн.  

  • Нормалдуу адам жөн эле уруп баштабайт.

  • Балким сизге ошондой сезилип жаткандыр, балким сиз жөн гана ашырып айтып жаткандырсыз?

  • Эч кандай коркунучтуу деле нерсе болгон жок, трагедия кылбаӊыз. 

  • Аялдар кээде зомбулукту өздөрү чакырышат, андан кийин даттанып калышат. 

  • Күйөөнүн деген тилин табыш керек, сиз күйөөлүү аялсыз да. 

  • Арыз жазасызбы же жокпу чечиӊиз, менин башка иштерим бар.