2-тема. 3-лекция.
2-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн стандарттык операциондук процедуралар
3-лекция. Майыптыгы бар адамдарга, улгайган адамдарга жана үй-бүлөнүн башка аярлуу топторуна жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү
Мыйзамдын 4-беренесине ылайык, мамлекеттик органдар ишмердүүлүктөрүндө кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдардын, майыптыгы бар адамдардын, балдардын, аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын, улгайган адамдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өзгөчө муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эске алуулары керек. Майыптыгы бар адамдар, улгайган адамдар жана үй-бүлөнүн башка аярлуу мүчөлөрү үй-бүлөдө ар түрдүү кыйынчылыктарга, түшүнбөстүктөргө жана зомбулукка кабылышы мүмкүн болгон өзгөчө категорияга кирет. Бул топторго көп учурда маалыматтын, билим алуунун, эмгек ишмердүүлүгүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү чектелүү, бул алардын үй-бүлөнүн жашоосуна жана социалдык жашоого толук кандуу катышуусун чектейт. Мындай топтор үй-бүлөдөгү зомбулуктан же этибарсыз мамиледен жабыр тартышкан учурда, кесепеттери көбүрөөк оор болушу мүмкүн, себеби аларга зарыл жардам алуу жана колдоого ээ болуу татаалыраак. Ушуга байланыштуу, зомбулукту, этибарсыз мамилени аныктоо суроолоруна жана майыптыгы бар адамдарды, үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүн жана башка аярлуу топторду адекваттуу колдоо көрсөтүү менен камсыз кылууга өзгөчө көӊүл буруу маанилүү.
Майыптыгы бар адамдар менен сүйлөшүүнүн өзгөчөлүгү
Майыптыгы бар адамдар менен өз ара аракеттенишүүдө алардын кызмат көрсөтүүлөрдү башка жарандар менен теӊ укуктуулукта пайдаланууга ээ болуусуна тоскоол болгон тоскоолдуктарды жеӊүүнү камсыз кылган жардам менен камсыз кылуу зарыл. Алардын керектөөлөрүн туура кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү жана жардамдарды сапаттуу берүү менен камсыз кылуу үчүн коммуникативдик компетенттүүлүк маанилүү.
Майыптыгы бар адамдар менен натыйжалуу жана урмат-сыйга негиздеп сүйлөшүүгө
жардам берген бир катар жалпы эрежелер бар.
1.Адамга кайрылуу: сиз майыптыгы бар адам менен сүйлөшүп жаткан учурда, сүйлөшүүгө кошо катышып жаткан аны коштогон адамга же сурдокотормочуга эмес, майыптыгы бар адамдын өзүнө кайрылып сүйлөӊүз.
2. Колду кысуу: сизди майыптыгы бар адам менен тааныштырып жатканда, анын колун кысуу толугу менен табигый нерсе болуп эсептелет: ал тургай колун кыйынчылык менен кыймылдаткан же протез колдонгон адамдардын дагы колун толук кысууга болот – оӊ же сол колун, буга толук жол берилет.
3. Өзүӊүздүн жана башкалардын атын атаӊыз: сиз көрүүсү начар же таптакыр көрбөгөн адам менен жолукканда, өзүӊүздүн атыӊызды жана сиз менен келген адамдардын аттарын милдеттүү түрдө атаӊыз. Эгерде сиз аны менен тайпадагы жалпы сүйлөшүүнүн алкагында сүйлөшүп жатсаӊыз, сиз азыр кимге кайрылып жатканыӊызды түшүндүрүүнү жана өзүӊүздү атаганды унутпаӊыз.
4. Жардам көрсөтүүнү сунуштоо: эгер сиз жардам көрсөтүүнү сунуштасаӊыз (мисалы, көрүүсү начар адамга таяк берүү), анда ал жардамды кабыл алганча күтүп туруу зарыл, андан кийин гана эмнени жана кантип жасоо керектигин сураш керек.
5. Адекваттуулук жана сылыктык: майыптыгы бар чоӊ адамдарга, кадимки чоӊ адамдарга кайрылгандай эле кайрылуу керек. Аларга атынан атап жана сиз деп кайрылса болот.
6. Кресло-арабага таянбаӊыз: майыптыгы бар кимдир-бирөөнүн арабасына таянуу же жөлөнүү – аны колдонгон адамдын өзүнө таянуу же жөлөнүү менен барабар жана бул дагы ачууланууну чакырат. Майыптыгы бар адам үчүн араба – бул аны колдонгон адамдын кол тийгис мейкиндигинин бир бөлүгү.
7. Көӊүл коюучулук жана чыдамкайлык: Сиз сүйлөшүү кыйынчылыкка турган адам менен сүйлөшүп жатканда, аны кунт коюп угуу керек. Чыдамдуу болуу, адам фразаны өзү аяктаганча күтүү зарыл. Анын сөзүн оӊдоо жана аны үчүн аягына чыгып айтып коюуга болбойт. Эгерде сиз аны түшүнбөй жатсаӊыз деле, түшүнүп жаткандай жасалмалабаӊыз. Сиз түшүндүм деп кайталашыӊыз керек, бул адамдын сизге жооп берүүсүнө – а сиздин аны түшүнүүӊүзгө жардам берет,
8. Сүйлөшүү үчүн жайгашуу: сиз майыптыгы бар адамдын арабасын же балдак колдонгон адам менен сүйлөшүп жатканда, сиздин жана анын көздөрү бир деӊгээлде болгондой жайгашуу керек, мындай абалда сүйлөшүү жеӊил болот. Эриндердин кыймылдашы боюнча окуй алгандар менен сүйлөшүп жатып, Сизге жарык тийип тургандай жана Сиз жакшы көрүнө тургандай абалда жайгашуу зарыл, сизге эч нерсе тоскоол болбошуна аракет кылуу керек.
9. Адамдын көӊүлүн бурдуруу: угуусу начар адамдын көӊүлүн бурдуруу үчүн ага кол булгалоо же ийининен таптоо керек. Анын көзүнө тике кароо жана так сүйлөө зарыл, бирок угуусу начар адамдардын баары эле эрини боюнча окуй бербестигин эстен чыгарбоо зарыл.
10. Угуусу же көрүүсү начар адамдарга кийинкидей сөздөрдү айтып байкабай жаӊылыштык кетирип алсаӊыз, уялбаӊыз: «көрүшөбүз» же «сиз бул жөнүндө уктуӊузбу?». Эл аралык деӊгээлде организминин ар түрдүү функциялары жабыр тарткан адамдар менен сүйлөшүүнүн эрежелери бар жана ал болушунча кеӊири. Негизгиси калыстык, сыйлоо, чыдамкайлык болуп эсептелет.
Төмөнкү таблицада ден соолугунун бузулуусунун түрүнөн көз карандылуу түрдө майыптыгы бар адамдар менен сүйлөшүүнүн айрым өзгөчөлүктөрү келтирилген.
1-таблица. Майыптыгы бар адамдар менен өз ара аракеттенишүүнүн өзгөчөлүгү
Төмөндө 2-таблицада майыптыгы бар адамдар менен сүйлөшүүнү жакшыртууга жардам берген туура терминдер келтирилди.
2-таблица. Майыптыгы бар адамдарга карата туура терминдерди колдонуу
Улгайган адамдар менен сүйлөшүүнүн өзгөчөлүктөрү
Улгайган адамдарга карата зомбулук көп учурда жабык бойдон калат, анткени ал адатта үй-бүлөнүн чектеринде болуп өтөт, бул аныктоону жана кийлигишүүнү татаалдаштырат. Жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, респонденттердин 71% биздин өлкөдө улгайган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү бар деп эсептешет.
Улгайган адамдар, эрежеге ылайык, үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө билдиришпейт: алар уялышат, ачыкка чыгарууну же жазалоону каалашпайт, жардам сурап кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес же жөн гана учурда колдонуудагы мыйзамдар аларга коргоо жана жардам көрсөтө аларын билишпейт.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан улгайган адамдар менен сүйлөшүү өзгөчө сезимталдыкты талап кылат. Бир гана угуу маанилүү эмес, ошондой эле айтуу мүмкүнчүлүгүн берип кунт коюп көӊүл буруу маанилүү. Жаӊсоолор, мимика жана дене боюунун абалы сыяктуу вербалдык эмес белгилердин артынан байкаганды билүү, адам кандай сезимде болуп жаткандыгын жакшы түшүнүүгө жардам берет. Сүйлөшүүнүн бирдей деӊгээлин орнотуу маанилүү, мисалы, улгайган адам менен бирдей катарда отуруу.
Жогоруда айтылгандардан сырткары, улгайган адамдар менен сүйлөшүүдө кийинки эрежелерди сактоо сунушталат:
-
Байкап сүйлөө. Болушунча бийик, бирок орточо ылдамдыкта сүйлөө зарыл, улгайган адамды таарынтып албоо үчүн сөздөрдү абайлап сүйлөө керек. Зомбулук жөнүндө сүйлөшкөндө конфиденциалдуулукту кылдат сактоо зарыл жана бөлмөдөн зомбулук жасашы мүмкүн болгон адамдарды чыгарып салуу керек. Улгайган адамдын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлдү талап кылат.
-
Туура суроолорду берүү. Мисалы, бир тараптуу жооп берүүнү алдын ала билдирген «Сиз өзүӊүздү жакшы сезип жатасызбы?» – деген суроону бергендин ордуна, «Сиз өзүӊүздү кандай сезип жатасыз?» – деген суроону берүү көбүрөөк натыйжалуу, бул сүйлөшүп жаткан адамга өзү жөнүндө кыйла кенен айтып берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Орунсуз жана таӊуулоочу маанайдагы комментарийлерден жана суроолордон качуу маанилүү, мисалы, улгайган адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө баа бербөө же талкуулабоо керек.
-
Улгайган адамдардын эмоцияларына жана абалына туура таасир этүү. Улгайган адам зомбулук жөнүндө айтып жатканда толкунданып кетүүсү, анын ден соолугунун абалы начарлоо мүмкүн, мисалы, кан басымы жогорулап кетүүсү, жүрөгү тез-тезден согуп баштоосу, башы ооруп чыгуусу мүмкүн. Ошондуктан, эгерде сиз улгайган адамдын эмоционалдык абалы туруктуу болбой жатканын көрүп жатсаӊыз, анда аны тынчтандырыӊыз, дарыгерди чакырууну, ал дайыма ичкен дарыларын ичүүсүн сунуштаӊыз.
