3-тема. 1-лекция.

КГ-Тема-3-Лекция-1-Понятие-и-виды-СН

3-тема. КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамындагы негизги түшүнүктөр жана таасир этүү чөйрөсү

1-лекция. Үй-бүлөлүк зомбулук түшүнүгү жана түрлөрү  

Үй-бүлөлүк зомбулуктун аныктамасы жана өзгөчөлүктөрү

Үй-бүлөлүк зомбулук үй-бүлөнүн ар башка мүчөлөрүнүн ортосунда болушу мүмкүн, ар түрдүү формаларда жасалышы жана циклдүүлүккө ээ болушу мүмкүн (кайталануучулук) . 

Үй-бүлөлүк зомбулуктун жана анын түрлөрүнүн мыйзамдуу аныктамасы Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамында аныкталган  (мындан ары – Мыйзам). 

Мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук – үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, куугунтуктоосу, ошондой эле этибарсыз мамилеси. Ошентип, Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктун кийинки формаларын аныктайт:

  1. дене бойлук зомбулук;  

  2. психологиялык зомбулук;

  3. экономикалык зомбулук;

  4. куугунтуктоо;

  5. этибарсыз мамиле.

Мыйзамга ылайык, мыйзамдын ченемдери таасирин жайылткан үй-бүлө мүчөлөрү болуп эсептелишет: жубайлар, ата-энелер жана балдар, чоң энелер/чоң аталар, таяталар/таянелер, неберелер, камкорчулар/көзөмөлчүлөр жана камкордукка алынгандар, бала асырап алуучулар жана асырап алынгандар, багып алган ата-энелер жана багууга алынган балдар, мыйзамда белгиленген тартипте балдарды тарбиялоого алган башка адамдар, мурдагы жубайлар, өгөй энелер/өгөй аталар жана өгөй балдар, бир туугандар (толук же аталаш/энелеш), иш жүзүндөгү тарбиялоочулар алар бирге жашаган фактыга карабастан жана иш жүзүндөгү тарбиялануучулар.

Мыйзам үй-бүлө мүчөлөрүнө теӊещтирилген катары кийинки адамдарды  тааныйт: иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамга же балага, же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек адамдын түздөн-түз өзүн багууга колдоо көрсөтүүчү адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда тургандардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары.

Үй-бүлөлүк бүлөлүк зомбулукту зомбулуктун башка түрлөрүнөн айырмалап турган өзгөчөлүктөрүнүн бири, ал жакын адамдарынын үстүнөн бийлик жана көзөмөл жүргүзүү максатында, бири-биринин артынан катар жасалган зомбулук актыларынын көптөгөн циклин камтыйт.

Үй-бүлөдөгү ырайымсыздык жана зомбулук күтүүсүз түрдө келип чыгат жана кандайдыр бир жагдайлардан улам пайда болгондой сезилиши мүмкүн. Ал эми чындыгында болсо, үй-бүлөдөгү ырайымсыздык  жана зомбулук ал качан жасалгандыгынан жана ага ким катышып жаткандыгынан көз карандысыз түрдө аныкталган бир циклдүү схема боюнча жасалат. Убакыт өткөн сайын зомбулуктун ар бир жаӊы цикли күчтүү болуп баштайт, ошентип циклдердин ортосундагы убакыт аралыктары кыскарат, муну менен катар эле үй-бүлөлүк агрессор жабыр тарткан адамды көбүрөөк көзөмөлдөп баштайт жана анын карама-каршылык көрсөтүү эркин жок кылат.   

Зомбулук циклин үч стадияга бөлүүгө болот (1-сүрөт). Үй-бүлөлүк зомбулуктун бир циклинин стадияларын кененирээк карап чыгалы. 

1-сүрөт. Зомбулуктун циклдүүлүгү

  1. Чыӊалуунун өсүшү

Биринчи стадия үй-бүлөлүк мамилелердеги чыӊалуунун өсүшү менен мүнөздөлөт. Зомбулук жасаган адам анча маанилүү эмес себептерге же себепсиз эле жинденип баштайт, тез-тезден кыжырданып жана өзүндөгү агрессияны чыгаруу үчүн себеп издеп баштайт. Мындай окуялар стресс, өзүн жаман сезүү, жумушунда  жагымсыз нерселердин болушу менен ж.б. актоо башталат. Чыӊалуу өсүп жаткан учурда аял аны жоюуга аракет кылат жана өнөктөшүнө бардык жагынан жагууга аракет кылат. Аял болуп жаткан нерселер үчүн жоопкерчилик өзүмдө деп ойлойт. Кээде анын кайсы бир убакытка чейин чыӊалууну жоюуга мүмкүнчүлүгү болот, бирок бир убакта  чыӊалуу андан дагы күчтүү болуп жарылат. Бул стадия мүнөттөргө, сааттарга же айларга уланышы мүмкүн. Чыӊалуунун өсүшү толкун түрүндө өтүшү мүмкүн, жана кырдаалдын бардык катышуучуларында чыӊалган жана агрессиялуу атмосферадан чарчоо пайда болот. Аял үй-бүлөдө болуп жаткан мындай абалды көзөмөлдөөгө алы жетпей бара жатканын сезет. 

  1. Зомбулук актысы

Экинчи стадиясында чогулган чыӊалуу кайсы гана формадагы болбосун зомбулук актысына өсүп жетилет. Зомбулук актысы дайыма башка адамдардын катышуусуз болуп өтөт. Ал бир нече мүнөттөн бир нече саатка чейин созулушу мүмкүн. Зомбулуктун дене бойлук, психологиялык, экономикалык түрлөрү орун алышы мүмкүн, куугунтуктоо же этибарсыз мамиле кылуу формасында болушу мүмкүн, бирок ал көпчүлүк учурда ар түрдүү аралаш формаларда жасалат. Кайсы гана зомбулук актысы болбосун баарысы ал шылдыӊдоо жана басынтуу сыяктуу психологиялык формалар менен коштолот. Агрессор көп учурда жасалган зомбулук үчүн жоопкерчиликти жабырлануучуга оодарат, аны ал ага өзү түрткү берди, зомбулук жасаган адамды (өзүн) соорото алган жок жана  демек ушундайча зомбулукту токтотуп койгонго кудирети жеткен жок деп күнөөлөйт. 

  1.  Өкүнүү жана «сүйүү» стадиясы

Зомбулук актысынан кийин,  өзгөчө эгерде жабыр тарткан адам дене бойлук жаракаттарды алган болсо, агрессор кайсы бир учурга чейин өзүнүн жүрүм-турумун түшүнөт, ал тургай жабыр тарткан адамды аяйт, андан кечирим сурайт, белектерди берет, мындан ары зомбулук жасабайм деп, же ак көӊүл жана көӊүл бурганды билген адам болом деп сөз берет. Эрежеге ылайык, жабыр тарткан адамдар анын сөздөрүнө жана убадаларына ишенишет. Дал ушул стадия жабыр тарткан адамдарда балким жашоо оӊолот, өнөктөшүм акыры баарын түшүндү жана өзгөрүүгө даяр деген куру кыялдарды пайда кылат. Бул үй-бүлөнүн тынчтыгына тиешелүү тыныгуу учуру, ал болушунча узак убакытка созулушу мүмкүн. Эгерде зомбулук актысынын үстүнөн иштебесе, анда жыл өткөн сайын «сүйүү» стадиясынын узактыгы такыр жок болуп кеткенчекти кыйла кыскарып баштайт. Жана мындан ары үй-бүлө күн сайын уруш-жаӊжал кырдаалында жашап баштайт. Бул убакыттын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам психологиялык жана дене бойлук жактан болушунча басынган жана алсыз абалда болуп калат, ал тургай каршылык көрсөтпөй дагы калат. Үй-бүлөлүк зомбулуктун мындай тарыхы көп учурда оор кесепеттерге алып келет, анын ичинде тараптардын биринин өлүмүнө чейин жетиши мүмкүн. Ошондуктан аялга анын жашоосу, анын балдарынын жашоосу коркунучта экендигин жана анын коргоого ээ болууга укугу жана мүмкүнчүлүгү бар экенин жеткирүү абдан маанилүү. 

Зомбулуктун башка түрлөрүнөн үй-бүлөлүк зомбулуктун экинчи принципиалдуу түрдөгү айырмачылыгы зомбулуктуу аракеттердин обьектиси менен субьектисинин ортосундагы мамилелердин ортосунда болуп эсептелет. Үй-бүлөлүк зомбулук мейли ал чоӊ адам же кичинекей бала болсун, же улгайган адам, же болбосо үй-бүлөнүн майыптыгы бар мүчөсү болсун, үй-бүлөнүн  ар бир мүчөсүнө карата жасалышы мүмкүн.   Ошол эле учурда, жабыр тарткан адамдын жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын мамилелеринин ортосунда өкүм сүргөн өзгөчө макам көп учурда окуя жөнүндө айтууга жана сырттан жардам сурап кайрылууга жол бербейт. 

Үй-бүлөлүк зомбулуктун коркунучтуулугу жөнүндө айтканда, үй-бүлөлүк зомбулук эрежеге ылайык, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө таасирин тийгизе турганын  баса белгилеп кетүү зарыл. Алсак, мисалы, эгерде зомбулук актысына бир адам кабылса, ал эми үй-бүлөнүн калган бардык мүчөлөрү, ал тургай зомбулукка түздөн түз күбө болбогон жана зомбулук жөнүндө кечирээк билген үй-бүлө мүчөлөрү дагы психологиялык жаракат алышат. 

 1-коюу

2023-жылдагы изилдөө Кыргыз Республикасындагы кийинкидей абалды көрсөттү:  

  • балдардын 37%  дене бойлук зомбулукка кабылышат, мунун ичинде балдардын 2% катаал дене бойлук жазалоого кабылышат;

  • балдардын 60% психологиялык зомбулукту башынан кечиришет;

  • психологиялык агрессияны тартиптик таасир этүү катары башынан кечирип   жатышкан балдардын жаш курактары барган сайын  жогорулоо тенденциясына ээ;

  • дене бойлук жазалоо зарыл деп эсептеген энелердин үлүшү 7% түздү, ал эми реалдуулукта дене бойлук зомбулукка кабылып жаткан балдардын саны – 65%.

  1. Дене бойлук зомбулук 

Үй-бүлөдөгү дене бойлук зомбулук деп үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга түздөн-түз же кыйыр түрдө атайылап дене бой аркылуу таасир этүүсүн, жашоо үчүн маанилүү функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн, тамак-аштан, турак жайдан, кийимден ажыратуу же чектөө, ары-бери жүрүү эркиндигинен ажыратуусун же чектөөсүн, оор кара жумушка мажбурлоону түшүнөбүз.

Дене бойлук зомбулукка кирет: түртүү, мыкчуу, кармап алуу, муунтуу, секирүү,  кол менен уруу жана/же муштуму менен уруу жана/же башка предметтер менен чабуу, бут менен тебүү, оор предметтерди колдонуу, күйгүзүү жана башка оорутуу сезимдерине жана жаракаттарга алып келген сырткы таасирлерди келтирүү. Мындай жосундар кесепеттеринин оордугуна жараша кылмыш же укук бузуу катары квалификацияланат. 

2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук менен байланыштуу кылмыш иштерин соттор караганда, жабыр тарткан адам деп таанылган адамдардын 86% чукулу дене бойлук зомбулуктан жабыр тартышкандыгы аныкталган.

  1.  Психологиялык зомбулук 

Үй-бүлөдөгү психологиялык зомбулук – кемсинтүү, жүрөк заада кылуу, шылдыңдоо, чочутуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсы гана болбосун түрү менен коркутуу, коркутуу аркылуу адамды анын укугуна кирген кандайдыр бир аракеттерди жасоого же жасабоого мажбурлоо, өмүргө коркунуч туудурган же психикалык, дене бой саламаттыгынын бузулушуна алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо, жашы жеткен адамдардын пикир алышуу, анын ичинде балдар менен пикирлешүү укугун чектөө, адамдын өзүнө таандык документтерди пайдалануу укугун чектөө, анын ичинде документтерди жок кылуу, бузуу же жашыруу жолу менен чектөө.

Психологиялык зомбулук кеӊири жайылган жана көптөгөн үй-бүлөлөрдө орун алып келет, бирок көп учурларда аны зомбулук деп эсептешпейт, анткени анын кесепеттери дароо эле  ачык сезилбейт. Албетте буга жараша үй-бүлөдөгү психологиялык зомбулук фактылары боюнча кайрылуулардын саны аз. 

Психологиялык зомбулук актыларынын кайталануусу олуттуу психологиялык азаптанууларга, өнөкөт оорулардын күчөшүнө, жаракаттан кийинки стресске, депрессияга, кетпес өнөкөт коркуу сезимине, өзүн тынч эмес сезүү комплексинин өсүүсүнө, а кээде болсо кыйла олуттуу  кесепеттерге, мисалы жаракаттан кийинки стресске же суицидке аракет кылууга алып келиши мүмкүн. 

  1. Экономикалык зомбулук

Үй-бүлөдөгү экономикалык зомбулук – үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүн/ага теңештирилген адамды багуу боюнча милдеттерин атайылап аткарбоосу, ошондой эле адамды ага мыйзам боюнча таандык болгон мүлктү же кирешелерди алуу же тескөө укугунан атайылап ажыратуу же чектөө жана/же ишенимдүү адамдын мүлктү же кирешелерди ишеним көрсөтүүчүгө зыян келтирүү менен пайдалануусу анын эмгекке болгон укугуна, кесипти жана иштин түрүн тандоо эркиндигине тыюу салуу же чектөө.

Экономикалык зомбулукка кийинки актылар кирет: баланы багуудан баш тартуу; кирешелерин жашыруу; үй-бүлөнүн акчасын коротуу; каржы чечимдеринин чоӊ бөлүгүн өз алдынча кабыл алуу – бул, мисалы, тамак-аш азык-түлүктөрдү сатып алууда балдардын же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн муктаждыктарынын эске алынбай калышы; аялын сатып алууларды жасаганда чектерди көрсөтүп отчет берүүгө милдеттендирген учурлар ж.б.

Кыргыз Республикасында аялдардын эркектерден материалдык жактан көз карандуулугу жогору, бул алардын үй-бүлөдө экономикалык зомбулуктан жабыр тартуу тобокелчилигин жогорулатат. Алсак, мисалы, 2023-жылы аялдардын жумуш менен камсыз болуу деӊгээли 43% түздү, бул  эркектердин жумуш менен камсыз болуусуна – 72% караганда олуттуу түрдө төмөн, ал эми алардын айлык маянасы эркектердин айлык маянасына караганда 73,4% түздү. 

Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү  мурункудай эле эмгек рыногунда орун алып келген горизонталдык жана вертикалдык гендердик сегрегация менен чектелүү:  аялдарды экономиканын кыйла азыраак киреше тапкан секторлорунан көрүүгө болот (социалдык чөйрө, кичи жана орто бизнес) жана кызматтык тепкичтин кыйла төмөн тепкичтерин ээлешет (кичи жана орто персонал).

  1. Куугунтуктоо

Куугунтуктоо – адамдын эркине каршы ага багытталган, анда өз коопсуздугу үчүн коркунучту туудурган, куугунтук жасаган адам менен бөлөк жашаган учурда түз же кыйыр байланышууларды, иштеген, окуган, турган, жашаган жерлерине барып турууну демилгелөө аркылуу билдирилүүчү атайылап жасалган жүрүм-турум.

Куугунтуктоонун формалары өтө ар түрдүү болушу мүмкүн: куугунтуктоочу жабыр тарткан адамдын артынан аӊдышы мүмкүн, аны үйүнүн же жумушунун жанынан аӊдып күтүшү, суралбаган белекерди жөнөтүшү, телефондон билдирүүлөр менен чабуул коюусу, коркутуусу, башкалардын алдында ачык чыр-чатактарды салышы ж.б. мүмкүн. Адатта  реалдуулукта куугунтуктоонун бир эмес, бир нече формалары орун алышы мүмкүн. Көп учурда куугунтуктоочулар күйөөлөрү, мурунку күйөөлөрү же өнөктөштөрү болушат. Алар жабыр тарткан адамдын күн тартибин, анын иштеген/окуган даректерин, туугандарынын жана тааныштарынын чөйрөсүн жакшы билишет. Тажрыйба куугунтуктоо биринчи этаптарында болгону моралдык зыян келтирүүсү мүмкүн экендигин жана зомбулук колдоном деп коркутуу менен коштолорун, бирок кесепетинде куугунтуктоочу акырындап зомбулук актыларын реалдуу жасоого өтөрүн көрсөттү. Бирок куугунтуктоого көп учурларда маани берилбейт, аны жабыр тарткан адам өзү дагы, ошондой эле жардам көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери дагы  зомбулук же потенциалдуу коркунуч катары карашпайт. Куугунтуктоо коркунучтуу экендигине баа бербөө Асель Ногойбаеванын окуясындагыдай эӊ оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн, ал алгач мурунку күйөөсү тараптан  куугунтуктоого жана коркутууларга кабылган, жыйынтыгында болсо укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлбөгөндүктөн анын ден соолугуна оор зыян келтирилди. 

  1. Этибарсыз мамиле

Этибарсыз мамиле – үй-бүлө мүчөлөрүнө же үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдарга камкордук көрүү боюнча милдеттерин атайылап аткарбоо, ченемдүү жашоо жана өнүгүү үчүн зарыл болгон тамак-аш, турак жай жана башка шарттар менен камсыз кылуу укуктарын чектөө, медициналык жардам алууга тоскоолдук кылуу, балдардын дене бой, психологиялык, экономикалык муктаждыктарын ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) канааттандырбоосу, аларды коркунучтан коргобоо, балдардын негизги жалпы билим алууга болгон укуктарын чектөө, эгерде ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) мүмкүнчүлүгү жана аны алууга жеткиликтүүлүгү болуп туруп, балдардын медициналык жардам алуусу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди көрбөөсү.

Үй-бүлөнүн мүчөсүнө карата этибарсыз мамиленин коркунучтуулугу зомбулуктун башка  формаларына караганда  аз эмес, буга көп учурда үй-бүлөнүн көз каранды мүчөлөрү кабылышат – балдар, майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөнүн катуу ооруп жаткан мүчөлөрү же улгайган адамдар

Үй-бүлөнүн көз каранды мүчөлөрү кам көрүүгө, толук кандуу же атайын мүнөздөп тамактанууга, зарыл керектүү буюмдар менен камсыз болууга, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн арабага, медициналык дары-дармектерге же буюмдарга, билим алууга муктаж болуулары мүмкүн, аларга сырттагы жылдын мезгилине ылайыктуу кийим-кечектер керек болушу мүмкүн, булар менен чогуу эле алар аӊгемелешүүгө дагы зарылышат.   

Этибарсыз мамиленин кесепети ден соолугунун бузулушу, баланын өнүгүүсүндөгү кечеӊдөөлөр, майыптыгы бар адамдардын жана улгайган адамдарды депрессиялык абалдары болуп эсептелет. 

Этибарсыз мамилелердин белгилери кийинкилер болушу мүмкүн: 

  • начар же жыл мезгилине ылайыктуу эмес кийинген бала/улгайган адам/майыптыгы бар адам;

  • ачка же начар тамактанган бала/улгайган адам/майыптыгы бар адам;

  • кирдеген, каралбаган бала/улгайган адам/майыптыгы бар адам, тырмактары алынбаган, кирдеген дененин, зааранын ж.б. жыты туруктуу түрдө жыттанып турган абалда болуусу;

  • чоӊ адамдардын коштоосуз жана түн жарымга чейин жалгыз сейилдеп жүргөн бала;

  • балага/улгайган адамга/майыптыгы бар адамга көчөгө чыгууга тыюу салуу, баш тартуу;

  • ата-энелердин/камкорчулардын балага/улгайган адамга/майыптыгы бар адамга анын медициналык жардам алууга карата өтүнүчүнө баш тартуусу (мисалы, баланы эмдөөдөн, дарыгердин кароосунан өткөрүүдөн баш тартуу);

  • аӊгемелешүү, сүйлөшүүдөн, мээрим төгүүдөн, кам көрүүдөн, көӊүл буруудан, сүйүү берүүдөн баш тартуу;

  • баланы өнүктүрүүдөн, балдардын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерге баруусунан баш тартуу;

  • социалдык жактан четтетүү (досторунун, уюшулган эс алуунун, үйдөн чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу);

  • баланын жаш курагына шайкеш келген сүйлөшүүнүн же баарлашуунун жоктугу;

  • педикулез болуу, котур болуу;

  •  чарчаган уйкусу канбаган сырткы келбет;

  • күтүүсүз окуялардын кайталануусу – кулап калуу, уулануу, күйүп калуу ж.б.

Практикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар, эрежеге ылайык, бир эле учурда зомбулуктун бир эле эмес, бир нече түрүнө кабылышат, ушундан улам натыйжалуу жардам берүү үчүн зомбулуктуу кол салуулардын бардык түрүн таанып билүү маанилүү,  ошондой эле ар түрдүү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьектилеринин комплекстүү таасир этүү чараларын караштыруу керек.