3-тема.  2-лекция.

КГ-Тема-3-Лекция-2-Права-лиц-пострадавших-от-СН


3-тема. КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамындагы негизги түшүнүктөр жана таасир этүү чөйрөсү

 2-лекция. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын укуктары

КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын таасири (мындан ары – Мыйзам) үй-бүлө мүчөлөрүнө, бирге жашаган фактыдан көз карандысыз түрдө үй-бүлөнүн теӊештирилген мүчөлөрүнө карата жайылтылат. 

Мыйзамга ылайык, үй-бүлө мүчөлөрү бул – жубайлар, ата-энелер жана балдар, чоң энелер/чоң аталар, таяталар/таянелер, неберелер, камкорчулар/көзөмөлчүлөр жана камкордукка алынгандар, бала асырап алуучулар жана асырап алынгандар, багып алган ата-энелер жана багууга алынган балдар, мыйзамда белгиленген тартипте балдарды тарбиялоого алган башка адамдар, мурдагы жубайлар, өгөй энелер/өгөй аталар жана өгөй балдар, бир туугандар (толук же аталаш/энелеш), иш жүзүндөгү тарбиялоочулар алар бирге жашаган фактыга карабастан жана иш жүзүндөгү тарбиялануучулар (Мыйзамдын 1-бер.,14-п.).

Үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар – иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамга же балага, же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек адамдын түздөн-түз өзүн багууга колдоо көрсөтүүчү адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда тургандардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары (Мыйзамдын 1-бер., 7-п.).

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам деп үй-бүлөлүк зомбулук жасалган үй-бүлө мүчөсү же үй-бүлө мүчөсүнө теңештирилген адам, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон балдар, майыптыгы бар адам таанылат. 

Мыйзамдын 5-беренеси үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга төмөнкүдөй укуктарды берет:

1) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден кечиктирилгис укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам алууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого;

2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер тарабынан алардын компетенциясынын чегинде коргоого жана коопсуздукту камсыз кылууга;

3) убактылуу коргоо ордерин алууга;

4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекет тарабынан кепилденген консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар менен иштөөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге белгилүү болуп калган жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугуна;

6) мүмкүнчүлүк бар болгондо жардам көрсөтүүчү адисти тандоого;

7) убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө социалдык өнүктүрүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлоодон баш тартууга. Бул укук балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата жайылтылбайт.