4-тема. 1-лекция.

КГ-Тема-4-Лекция-1-Субъекты-охраны-и-защиты1

4-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону ишке ашырган субьекттер

1-лекция. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттери

2024-жылы мыйзамга өзгөртүү киргизилди, ага ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашырган субьекттердин чөйрөсү дагы өзгөрдү. Тактап айтканда, субьекттердин катарына пробация органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү киргизилди, ошол эле учурда аксакалдар соттору «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамындагы субьекттердин тизмесинен алынып салынды. (мындан ары – Мыйзам).

Мыйзамдын 6-беренеси үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашырган 19 субьектти аныктайт, алардын катарына кирет:  

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) сот;

4) прокуратура;

5) ички иштер органдары;

6) социалдык өнүктүрүү органдары;

7) саламаттык сактоо органдары;

8) билим берүү органдары;

9) юстиция органдары;

10) пробация органдары;

11) жазаларды аткаруучу органдар;

12) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

13) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

14) адвокатура;

15) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

16) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;

17) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

18) жалпыга маалымдоо каражаттары;

19) башка органдар жана уюмдар өз компетенциясынын чегинде.

Мыйзамдын 1-беренесинин 3-1-пункту ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү түшүнүгүн киргизет, ага ылайык, бул үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кызматташууга, коммуникацияга жана маалымат алмашууга негизделген жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган системалуу биргелешкен иши дегенди түшүндүрөт. 

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субьекттин ыйгарым укуктарында алардын тыгыз түрдө өз ара аракеттенишүүсүн камсыз кылган ченемдер  караштырылган. Ушуга байланыштуу, ар бир үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоо субьектисинин ыйгарым укуктарын жана милдеттерин өздөштүрүү муктаждыктары жаралат.  

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин ыйгарым укуктары

Мыйзамдын 2-бөлүмү (7-22-берене) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашырган ар бир субьекттин ыйгарым укуктарын караштырат. Бул бөлүмдүн беренелеринин мыйзамдык түзүмү бардык субьекттер үчүн бирдей жана эки бөлүктү камтыйт. Биринчи бөлүгүндө субьекттин министрликтин/ведомствонун деӊгээлиндеги ыйгарым укуктарын камтыйт жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишмердүүлүктү уюштурууга, жардам жана кызмат көрсөтүү стандарттарын, өздөрүнүн кызматкерлерин даярдоо жаатындагы талаптарды, башка субьекттер менен өз ара аракеттенишүү үчүн милдеттерди иштеп чыгууга багытталган жана башка ыйгарым укуктар боюнча ченемдерди камтыйт. Берененин экинчи бөлүгүндө  аймактык органдардын ыйгарым укуктары белгиленген жана жабыр тарткан адамдарга адистештирилген жардамдарды жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-милдеттерди, зомбулук жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча талаптарды ж.б. камтыйт. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ыйгарым укуктары

Мыйзамдын 7-беренеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктарын караштырат. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат, мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, алардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин  аныктайт жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мыйзам долбоорлорун демилгелейт жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого багытталган ченемдик-укуктук актыларды кабыл алат, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жардам берүүнүн мамлекеттик стандарттарын бекитет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишине көмөк көрсөтүү милдети жүктөлгөн жана укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну жүзөгө ашырат. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну милдеттендирет. 

Прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары

Прокуратура органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишмердүүлүгү Мыйзамдын 9-беренесинде караштырылган. Мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу боюнча жалпыга белгилүү ыйгарым укуктары менен бирге, прокурорлор  үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден соолугунун абалы, жаш курагы боюнча же башка себептерден улам сотто өз укуктарын жана эркиндиктерин өзү коргой албаган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында сотко кайрылуу укуктарына ээ. Прокуратура органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин отчет берүүсүн жана түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт,  үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн тактикасын жана усулун иштеп чыгуу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун абалына талдоо жүргүзөт жана болжолдойт. Прокуратура органдары кварталына бир жолудан кем эмес өз сайтына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча прокуратура органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жайгаштырат. Ошондой эле прокуратура органдарына прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруу жүктөлгөн. 

Ички иштер органдарынын ыйгарым укуктары

Ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жаатындагы негизги органдардын бири болуп эсептелет, алардын ыйгарым укуктары  Мыйзамдын 10-беренесинде караштырылган. Мыйзамдын 10-беренесинин биринчи бөлүгү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тиешелүү жоболорду камтыйт, анын ыйгарым укуктарына кирет:

  • үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, андан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын ишин уюштурат;

  • үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү стандарттарын өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат жана бекитет;

  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;

  • ички иштер органдарынын окуу жайларынын окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин киргизет, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз кызматкерлерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоо, квалификацияны жогорулатуу курстарын жана окутуунун башка тиешелүү түрлөрүн камсыз кылат;

  • ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишине мониторингди жүзөгө ашырат;

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;

  • кварталына бир жолудан кем эмес үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө, ошондой эле берилген убактылуу коргоо ордерлери жөнүндө ведомостволук маалыматты жарандардын жеке маалыматтарын көрсөтпөстөн берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн сайтында жайгаштырат.

Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгү аймактык ички иштер органдарынын кийинкидей ыйгарым укуктарын караштырат:

  • үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;

  • убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын, анын ичинде атайын каражаттарды пайдалануу менен көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат, мисалы браслеттерди;

  • келтирилген кесепеттеринен көз карандылуу түрдө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине же укук бузуу жоопкерчилигине тартуу үчүн чаралардын комплексин ишке ашырат; 

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө алдын алуучулук жана маалыматтык иштерди калк арасында жүргүзөт;

  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүсүн   көзөмөлдөйт;

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет; 

  • үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын эсебин жүргүзөт.

 

Саламаттыкты сактоо органдарынын ыйгарым укуктары

Саламаттыкты сактоо органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгү Мыйзамдын 12-беренесинде жөнгө салынат. Саламаттыкты сактоо министрлигине саламаттыкты сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштерин уюштуруу жана көзөмөлдөө, жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн медициналык-санитардык стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны айкындоо, үй-бүлөлүк зомбулук учурларында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү маселелери боюнча медициналык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоо, бул чөйрөдө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар жүктөлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү өз ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жыйноону жүзөгө ашырат жана ар жылдык отчетту берет, аны өзүнүн сайтына жайгаштырат, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет.

Билим берүү органдарынын ыйгарым укуктары 

Мыйзамдын 13-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Билим берүү жана илим министрлигине билим берүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин уюштуруу, алардын бул чөйрөдөгү ишмердүүлүгү жөнүндө көрсөткүчтөрдү чогултуу жана отчетту даярдоо, бул жаатта мониторингди жана талдоону жүзөгө ашыруу, билим берүү кызматкерлерин үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан окуучуларга консультация берүүнү уюштуруу боюнча кайра даярдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ата-энелер жана балдар үчүн билим берүү жана тарбиялоо программаларын иштеп чыгуу жана башка ыйгарым укуктар караштырылган.

Билим берүү уюмдары менчигинин формасына карабастан үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө милдеттүү (Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгү):

1) окууучуларга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына кабарлоого;

2) окуучулар үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча билим берүү жана тарбиялоо программаларын жүзөгө ашырууга;

3) окуучуларга, ата-энелерге жана аларды алмаштыруучуларга үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө жана андан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө маалымдоого;

4) үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган окуучулардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардамга муктаждыктарын эсепке алууну, мониторингди жана талдоону жүргүзүүгө;

5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен ара аракеттенүүгө. 

 

Юстиция органдарынын ыйгарым укуктары

Юстиция органынын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардамдарды жана кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү негизги милдети,  мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык, мамлекет кепилдеген сапаттуу юридикалык жардамды көрсөтүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенишүү болуп эсептелет (Мыйзамдын 14-беренеси). 

 

Пробация жана жазаларды аткаруу органдарынын ыйгарым укуктары  

Мыйзам 14-1-беренеде үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөөнүн жаӊы механизмин киргизүүнү караштырат, ага ылайык пробация жөнүндө мыйзамдардын негизинде үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарлары үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт. 

Мыйзамдын 14-2-беренеси үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын караштырат. Тактап айтканда, алардын үй-бүлөлүк зомбулук жасаган, пенитенциардык мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттун өкүмү менен бул чара дайындалган соттолгондор үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү милдеттери бекитилген.

Аталган ыйгарым укугу менен бирге Мыйзам, Пробация жана жазаларды аткаруу органдарына өз кызматкерлерин окутуу, өзүнүн бул жааттагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды чогултуу, отчетторду даярдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенишүү жана башка ыйгарым укуктарын караштырган. 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)   ыйгарым укуктары

Мыйзамдын 16-беренесине ылайык, Акыйкатчы (Омбудсмен) чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата кылмыш-жаза иши боюнча тартиптик өндүрүш же сотко чейинки өндүрүш козгоо жөнүндө өтүнүч менен сунуштамаларды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтөт.

Жарандардын арыздарын жана даттанууларын карап чыгуунун натыйжалары боюнча, Акыйкатчы (Омбудсмен) укуктары жана эркиндиктери үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же алардын кызмат адамынын чечимдери же аракеттери (аракетсиздиги) менен бузулган жана ден соолугунун абалы боюнча же болбосо башка жүйөлүү себептер боюнча сотко кайрыла албаган адамдарды коргоо үчүн сотко кайрылат.

Акыйкатчы (Омбудсмен) үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү боюнча атайын баяндамаларды даярдайт жана/же бул көйгөйлөрдү адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоонун абалы жөнүндөгү ар жылдык баяндамаларына киргизет.

Адвокатуранын ыйгарым укуктары

Мыйзамдын 17-беренесине ыллайык, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү адвокаттардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт жана Адвокатуранын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иши жөнүндө маалыматты жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат.

 Адвокат адвокатура жөнүндө мыйзамга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук суроолору боюнча жардам көрсөтөт: консультация берет, арыздарды, даттанууларды, өтүнүч каттарды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзөт, жарандык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө жана укук бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышат. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чөйрөдөгү ыйгарым укуктары

17-1-беренеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө маалыматтарды жыйноону жана талдоону жүзөгө ашырат;

2) облустардын райондору жана шаарлары боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алат;

3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо көйгөйлөрү боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;

4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчетту ыйгарым укуктуу органга берет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары

 Мыйзамдын 18-беренесине ылайык мамлекттик администрациялар милдеттүү: 

  1. министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын мамлекеттик аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешкен макулдашылган ишин камсыз кылат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аларга өткөрүлүп берилген функциялар жана ыйгарым укуктары боюнча алардын ишине мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;

  2. үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларына киргизет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

  3. үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарды жыйындылоону жана талдоону жүзөгө ашырат;

  4. жергиликтүү комитеттердин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иши жөнүндө ар жылдык отчетун ыйгарым укуктуу органга берет;

  5. жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды уюштурат;

  6. үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенишет;

  7. үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык, агартуучулук ишти уюштурат;

  8. үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча программаларды жүзөгө ашыруу үчүн каржылык, техникалык жана башка жардамдарды мыйзамдарга ылайык тартат;

  9. үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө ар жылдык жыйынды отчётту ыйгарым укуктуу органга берет;

  10. үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу чөйрөсүндөгү аймактык программаны иштеп чыгат, бекитет жана жүзөгө ашырат.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары 

Мыйзамдын 19-беренесинин 1-бөлүгү Жергиликтүү кеӊештер (шаардык, айылдык) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө кийинкилерди аткаруусун караштырат:

  1. аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды бекитет жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

  2. муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жардам берүүсүнүн стандарттарын бекитет;

  3. үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча тиешелүү программаларды жүзөгө ашырууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзүүгө жергиликтүү бюджетте каражаттарды карайт.

19-берененин 2-бөлүгү жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун аткаруучу органдары (мэриялар, айыл өкмөттөрү) ыйгарым укуктарды белгилейт: 

  1. калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо көйгөйлөрү боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурат;

  2. үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу социалдык кызматтарды түзөт;

  3. кабыл алынган программалардын натыйжалуулугуна жана майнаптуулугуна мониторингди жана баа берүүнү жүзөгө ашырат;

  4. үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү программаларды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

  5. өзүнүн аймагында үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну жүргүзөт;

  6. жергиликтүү деңгээлде социалдык органдарды – үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү аркылуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерди ведомстволор аралык координациялоого жана алардын өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт;

  7. үй-бүлөлүк зомбулукту жасоо кооптуулугу бар экендиги жөнүндө ички иштер органдарына маалымдайт;

  8. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;

  9. үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өздөрүнүн сайттарына жарыялайт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ыйгарым укуктары

Мыйзамдын 21-беренеси республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттары зомбулуктун ар кандай формаларын кабылдабоону коомдук аң-сезимге сиңдирүү максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелерин чагылдырышат, өздөрүнүн редакциялык саясатында гендердик басмырлоону жана зомбулукту үгүттөөгө жол бербөөнү камсыз кылышат жана социалдык жарнамага бөлүнүүчү эфир убактысынын же басылмалык аянттын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү.

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу

Мыйзамдын 22-беренеси коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, башка органдардын жана жарандардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоого жана коргоого катышуусун жөнгө салат. Мыйзам мындай уюмдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө мыйзамга ылайык социалдык, укуктук, юридикалык, психологиялык жана башка жардам жана колдоо көрсөтүү ыйгарым укуктарын караштырат. Алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү башка субьекттер менен өз ара аракеттенишүүгө укуктуу жана аракеттене алышат, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугу менен ички иштер, прокуратура жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, социалдык колдоо органдарына маалыма беришет, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук жашы жетелек өспүрүмдөргө жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандарга жасалган учурда аталган органдарга милдеттүү түрдө маалымат берүү талап кылынат. Уюмдар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга укугун коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылуу укугу жөнүндө маалымат беришет, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо суроолору боюнча маалыматтык жана агартуу ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшөт. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды беришет.

Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырат, алар жергиликтүү бийлик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.  

Үй-бүлөлүк зомбулуктун жабыр тарткан адамдарга кызматтарды жана жардамдарды көрсөтүүдө аялдар кризистик борборлору өзгөчө ролду ойношот, алар психологиялык, юридикалык жана социалдык жардамдарды көрсөтүү менен бирге эле аялдарга жана балдарга убактылуу жашоочу жай беришет. Мындай борборлордун көпчүлүгү коммерциялык эмес уюмдар болуп саналышат жана жеке салымдардын жана гранттардын негизинде иштешет.  Азыркы учурда Бишкекте балдары менен келген аялдар үчүн 50 орундуу «Аялзат» муниципалдык кризистик борбору иштеп жатат.