4-тема. 2-лекция.
4-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону ишке ашырган субьекттер
2-лекция. Социалдык камсыздоо органдарынын жана балдарды коргоо боюнча органдардын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары
Социалдык камсыздоо органдарынын ыйгарым укуктары
КРнын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө Жобого (мындан ары – ЭСКММ) ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү кийинки багыттар боюнча ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн:
-
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин ишмердүүлүктөрүн координациялоо.
-
Социалдык кызматтарды жана жардамдарды уюштуруу жана көрсөтүү (Мыйзамдын 11-беренеси);
-
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү, турмуштук оор кырдаалдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо.
Мыйзамдын 8-беренесине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында ЭСКММ кийинки милдеттерди аткарат:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ушул Мыйзамда аныкталган башка субъекттердин ишин координациялайт жана алар менен өз ара аракеттенет;
2) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултууну, жалпылоону жана талдоону жүзөгө ашырат, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын тутумунун натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзөт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге усулдук, маалыматтык, консультациялык жана башка уюштуруу жардамдарын көрсөтөт;
4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;
5) үй-бүлөнүн көз карандысыздыгынын тиешелүү мыйзамдарда аныкталган кепилдиктерин эске алуу менен, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишине мониторингди жүзөгө ашырат жана бул чөйрөдө алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды жөнөтөт;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабын аныктоого, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү прогресске жана көрүлүүчү чаралардын натыйжалуулугуна көз салууга багытталган улуттук изилдөөлөрдү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү демилгелейт;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана электрондук басылмаларга маалымат берет;
8) ар жыл сайын ушул Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө отчётторду түзөт жана жарыялайт;
9) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтарга жетүүнү, анын ичинде өзүнүн сайтына жайгаштыруу жолу менен жетүүнү камсыз кылат;
10) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге бюджеттен тышкары каражаттарды тартууга жана эл аралык уюмдар, юридикалык жана жеке жана юридикалык жактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
11) өз компетенциясынын чектеринде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ЭСКММдүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө төмөнкүдөй ыйгарым укуктары караштырылган:
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишин уюштурат;
-
социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн консультативдик-алдын алуу борборлорунун, социалдык кызматтардын жана баш калкалоочу жайлардын иштөө стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мекемелердин социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүсү жана аларды берүүнүн тартиби боюнча минималдуу стандарттардын сакталышы боюнча социалдык өнүктүрүү органдарынын ишине мониторингди жүзөгө ашырат;
-
социалдык өнүктүрүү органдарынын жана мекемелеринин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштерин координациялайт;
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана консультациялык жардам берүүнү камсыз кылат;
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызматтарды уюштурууну жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;
-
социалдык кызматкерлердин жана социалдык өнүктүрүү органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулуктарды айкындоо, алардын алдын алуу жана алардан коргоо боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды уюштурат;
-
үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;
-
социалдык өнүктүрүү органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук учурларын айкындоосунун, каттоосунун жана эсепке алуусунун тартибин аныктайт;
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өзүнүн иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү социалдык өнүктүрүү органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн ‘минималдуу стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кварталына бирден кем эмес жолу өзүнүн сайтына жайгаштырат.
ЭСКММ ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз ыйгарым укуктарынын чектеринде башка ишмердүүлүктөрдү дагы жүзөгө ашыруусу мүмкүн.
11-берененин 2-бөлүгүнө ылайык социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары (ЭСКМБ):
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндө социалдык кызматтарды жана жардамдарды көрсөтөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына 24 сааттын ичинде кабарлайт;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана жардамга муктаждыгына мониторингди жана талдоону жүргүзөт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашырат;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иштер жөнүндө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчётторду берет;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз компетенциясынын чектеринде башка иштерди жүзөгө ашырат.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары Мыйзамдын 15-беренесинде караштырылган. Мыйзам тарабынан ЭСКММ балдарды коргоо боюнча функцияларды аткаруу менен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат деп белгиленген:
-
өзүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ишин уюштурат, координациялайт жана көзөмөлдөйт;
-
өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;
-
ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырат;
-
балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө балдарды коргоо боюнча органдардын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарды сактоо жана коргоо боюнча кызмат көрсөтүүчү социалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана аларды берүүнүн тартибин кварталына бир жолудан кем эмес өзүнүн сайтына жайгаштырат;
-
өзүнүн аймактык органдарына жана балдарды коргоо тутумунун башка органдарына балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардам берүүнү, анын ичинде алардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
-
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар жылдык отчётту, ошондой эле өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет.
