5-тема. 1-лекция.
5-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо
1-лекция. Үй-бүлөлүк зомбулук окуяларына таасир этүү чаралары
КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамы[1] (мындан ары – Мыйзам) үй-бүлөлүк зомбулук окуяларына таасир этүүнүн атайын чараларын караштырат, алар үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга, жабыр тарткан адамдарды коргоого, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды оңдоп түзөөгө багытталган.
Үй-бүлөлүк зомбулук окуясына чыкканда ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуну ишке ашырышат, аларга төмөнкүлөр кирет (Мыйзамдын 24-б., 1-бөл.):
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн же аларга теңештирилген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтарды четтетүү боюнча токтоосуз чараларды көрүү;
2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды жазыктык-процесстик мыйзамдарга, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык кармоо;
3) убактылуу коргоо ордерин берүү;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген жана/же тобокелдиктерди баалоо протоколуна ылайык ага карата зомбулуктун чоң тобокелдиги бар адамды анын макулдугу менен коопсуз жерге же болбосо баш калкалоочу жайга токтоосуз жайгаштыруу.
Мыйзам социалдык өнүктүрүү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субьекттер үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коопсуз жайга токтоосуз жайгаштырууда ички иштер органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү деп белгилейт (Мыйзамдын 24-б., 2-бөл.).
Υй-бүлөлүк зомбулука чара көрүүдө ички иштер органдарына арыздарды кабыл алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу, убактылуу коргоо ордерин берүү, тобокелчиликтерге баа берүү протоколун түзүү боюнча[2], кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарындагы жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарындагы чараларды көрүү ыйгарым укуктары караштырылган. Алар ушул максатта үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды чогултуу, сурамжылоо жүргүзүү үчүн бардык зарыл аракеттерди аткарышат (Мыйзамдын 1-бер., 3-п.).
Убактылуу коргоо ордери – үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул Мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ.
Убактылуу коргоо ордери милдеттүү түрдө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашаган жери боюнча ички иштер органы тарабынан токтоосуз түрдө отуз күндүк мөөнөткө берилет (Мыйзамдын 27-бер.1-2-п.).
Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан ар бир адамга карата өзүнчө берилет. Υй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адам убактылуу коргоо ордеринин шарттары жана анын аткарбоонун кесепеттери менен кол койдуруу аркылуу таанышат. Мыйзам убактылуу коргоо ордерин үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамдын жеке өзүнө тапшыруу мүмкүн болбогон учурда, ички иштер органынын кызматкери үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү караштырган (Мыйзамдын 27-бер. 2-6-п.).
Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан балдар жабыр тартса, анда убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, же болбосо ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине берилет.
Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам жабыр тартса, анда убактылуу коргоо ордери анын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө берилет (Мыйзамдын 28-бер., 2-п.).
Үй-бүлөлүк зомбулуктан эгерде майыптыгы бар адам жабыр тартса, анда убактылуу коргоо ордери алардын жеке өзүнө берилет, ал эми аны өз алдынча алуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, аймактык социалдык өнүктүрүү органына берилет Мыйзамдын 28-бер., 3-п.).
Убактылуу коргоо ордери бир эле учурда кийинки шарттарды караштырат:
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салуу.
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган (турган) жерде болууга тыюу салуу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды, эгерде ал үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга белгисиз жерде болсо, аны жеке өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салуу;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү оңдоп-түзөөчү программага ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү милдетин.
Түз жана кыйыр байланышуулар – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын өзү сыяктуу эле, анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен башка адамдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу телефон (чалуулар, билдирүүлөр) жана/же электрондук байланыш (мессенджерлер, электрондук почта, социалдык тармактар) аркылуу дене бойго жакындоо, байланышуу же байланышуу аракеттери (Мыйзамдын 1-бер., 8-1.).
Мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам, же анын өкүлү, же прокурор үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды бирге жашаган жайдан убактылуу чыгарып салуу, анын ата-энелик укуктарын чектөө же жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарда караштырылган башка талаптар боюнча сотко кайрылууга укуктуу. Ата-энелик укуктарын жана бирге жашоо укугун чектөө сот тарабынан бир айдан алты айга чейинки мөөнөткө белгиленет.
Жашы жетелектердин же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандардын атынан аталган талаптар боюнча сотко балдарды жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандарды коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү кайрыла алышат.
Кесепеттеринин оордугунан көз карандылуу түрдө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине же укук бузуулар боюнча жоопкерчиликке тартылуусу мүмкүн.
КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 70-беренесине ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгы үчүн 40 саатка коомдук иштерге тартууга, же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга берилген убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо, эгерде жасалган аракетте кылмыштын белгилери болбосо, 40 саат коомдук иштерге тартууга же жети суткадан он төрт суткага чейин камакка алууга алып келет (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренеси).
Эгерде үй-бүлөлүк зомбулук КР Кылмыш-жаза кодексинин таасирине дал келсе, анда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга, же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ошол эле учурда кылмыш жасаган адам зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүүгө тийиш.
Оңдоп-түзөөчү программа – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программа
