4-тема. 3-лекция.

КГ-Тема-4-Лекция-3-Взаимодействие-субъектов-охраны-и-защиты-от-семейного-насилия

4-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону ишке ашырган субьекттер

 

3-лекция. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү

 

Тажрыйба, эрежеге ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын керектөөлөрү ар түрдүү экендигин, алар үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бир субьекттин ишмердүүлүгүнүн алкагы менен эле чектелип калбастыгын көрсөттү. Мына ушуга байланыштуу, үй-бүлөлүк зомбулукка жооп катары ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүү жабыр тарткан адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү үчүн маанилүү роль ойнойт, бул алардын үй-бүлөлүк зомбулук кырдаалынан чыгуусуна түрткү берет.

КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамы [1] (мындан ары Мыйзам) жабыр тарткан адамдарга кызмат көрсөтүүлөрдү жана жардамдарды берүү максатында, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин бири-бири менен өз ара аракеттенишүү жана маалымат алмашуу милдеттерин караштырат.

Мыйзамга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүүсү бир нече деӊгээлдерде ишке ашырылат:

  • саясатты, мыйзамдарды жана программаларды иштеп чыгуу жолу аркылуу зомбулук көйгөйүн улуттук деӊгээлде чечүү максатында министрликтердин ортосунда;
  • конкреттүү жамааттарды жана конкреттүү адамдарды сактоо жана коргоо максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин аймактык органдарынын ортосунда жергиликтүү деӊгээлде;
  • мониторинг жүргүзүү, статистикалык көрсөткүчтөрдү чогултуу жана кайтарым жоопторду иштеп чыгуу максатында жергиликтүү жана улуттук деӊгээлдин ортосунда.

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүү  – бул үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кызматташууга, коммуникацияга жана маалымат алмашууга негизделген жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган системалуу биргелешкен иши (Мыйзамдын 1-бер. 3-1-п.).

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүүсүнүн жана алардын ишин координациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат (Мыйзамдын 7-бер.5-п.).

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерди ведомстволор аралык координациялоого жана алардын өз ара аракеттенишүүсүнө жергиликтүү деңгээлде социалдык органдарды – үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү аркылуу, көмөк көрсөтөт (Мыйзамдын 19-бер.2-бөл. 6-п.).

Улуттук деӊгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналган ЭСКММ менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүү, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьектиси болуп эсептелген бардык министрликтердин жана ведомстволордун өз ишмердүүлүктөрү жөнүндө ар жыл сайын отчетторду жана маалыматтарды берип туруусу аркылуу ишке ашырылат. 1-сүрөттө Мыйзамга ылайык, жабыр тарткан адамдарга кызматтарды жана жардамдарды көрсөткөн бардык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттери өздөрүнүн ишмердүүлүктөрү жөнүндө жылдык отчетторду жана маалыматтарды ЭСКММгө бере тургандыгы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда ЖМК жана башка субьекттерге кирген кризистик борборлор жана коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар ЭСКММдүн суроо-талабы боюнча маалымат беришет.

1-сүрөт. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин улуттук деӊгээлдеги өз ара аракеттенишүүсү

Коргоо жана сактоо субьекттеринин ЭСКММ менен улуттук деӊгээлдеги өз ара аракеттенишүүсү бир тараптуу болуп эсептелбейт, анткени алынган отчеттордун жана маалыматтардын негизинде ЭСКММ көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзөт, субьекттердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана аларга сунуштамаларды жөнөтөт.

Жабыр тарткан адамдарга үй-бүлөлүк зомбулук кырдаалынан чыгуу боюнча комплекстүү жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү деӊгээлдеги ведомстволор аралык өз ара аракеттенишүү тутуму жабыр тарткан адамдын айланасында түзүмдөшкөн. (2-сүрөт).

2-сүрөт. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин өз ара аракеттенишүүсү жергиликтүү деӊгээлде

Женщина с ребенком

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам аныкталганда субьекттердин ортосундагы маалыматты өткөрүп берүү 3-сүрөттө берилген.

Социалдык өнүктүрүү органдары үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде кабарлайт (Мыйзамдын 11-бер.2-б.2-п.).

Саламаттыкты сактоо уюмдары жабыр тарткандардын кайрылуусу жана аларга медициналык жардам көрсөтүү фактылары жөнүндө алардын макулдугу менен, кайрылган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде ички иштер органдарына кабарлайт. Жашы жете электерге жана/же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын макулдугу талап кылынбайт (Мыйзамдын 12-бер.2-б.2-п.).

Билим берүү уюмдары менчигинин формасына карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө жашы жете электерге карата үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына кабарлайт (Мыйзамдын 13-бер. 2-б.1-п.).

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка органдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана жарандар жашы жетелек өспүрүмдөргө жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга тийиштүү учурларды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын макулдугунун негизинде ички иштер органдарына, прокуратурага жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө милдеттүү түрдө билдиришет (Мыйзамдын 22-бер.3-б.).

3-сүрөт. Үй-бүлөлүк зомблуук аныкталган учурда маалымат берүү жергиликтүү деӊгээлде

Аймактык социалдык коргоо органы:

аныкталган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары

жөнүндө 24 саатын ичинде

Саламаттыкты сактоо уюмдары:

жабыр тарткан адамдын макулдугу менен 24 сааттын ичинде

Кайрылуу жана медициналык жардам көрсөтүү фактылары жөнүндө. Балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалганда макулдугу талап кылынбайт.

Билим берүү уюмдары:

Жашы жетелек өспүрүмдөргө карата аныкталган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө

Башка уюмдар (КБ, КЭУ, жарандар):

жабыр тарткан адамдын макулдугу менен үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө. Үй-бүлөлүк зомбулук балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата жасалганда макулдук талап кылынбайт

Аймактык ички иштер органы

Аймактык прокуратура органы

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы

Келтирилген маалыматка ылайык, аныкталган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын кайрылуулары жөнүндө 24 сааттын ичинде маалымат берүү милдети социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо органдарына жүктөлгөн. Саламаттыкты сактоо органдарынын жана кризистик борборлор, коммерециялык, коммерциялык эмес уюмдар сыяктуу башка уюмдардын жарандарга карата үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө маалымат берүүсүнүн убактысы аныкталган эмес. Мындан сырткары, башка уюмдар маалыматты бир гана ички иштер органдарына эле жөнөтпөстөн, ошондой эле прокуратура, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана социалдык өнүктүрүү органдарына дагы жөнөтүүгө укуктуу.

4-сүрөттө ички иштер органдарынын убактылуу коргоо ордерин берүүсүнүн схемасы сунушталган.

Ички иштер органдары эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам мындай маалыматты берүүдөн баш тартпаса, үч күндүн ичинде социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымдайт, ошондой эле жашы жетелек өспүрүмдөргө жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата учурларды эске албаганда, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам көрсөткөн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субъекттерине маалымдайт, аталган органдарга билдирүү милдеттүү болуп эсептелет (Мыйзамдын 25-бер.1-б.9-п.).

Ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат үч күндүк мөөнөттө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет (Мыйзамдын 28-беренесинин 4-б.).

Ички иштер органы тарабынан сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат үч күндүк мөөнөттө социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет (28-бер. 5-б.).

4-сүрөт. Ички иштер органдары тарабынан убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалыматтын берилүүсүнүн схемасы

Социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органы

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы

Жашы жетелектердин иштери боюнча тескөөчү

Балдарды коргоо боюнча аймактык орган

Ички иштер органынын аймактык органы үй-бүлөлүк зомбулк окуясында убактылуу коргоо ордерин бергендиги жөнүндө 3 күндүн ичинде маалымдайт:

Жашы жеткен аракетке жөндөмдүү деп таанылган адамга карата

эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам мындай маалыматты берүүдөн баш тартпаса

(25-бер. 9-бөл.)

Балдарга карата

(28-бер. 4-бөл.)

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга

майыптыгы бар адамга карата

(28-бер. 8-бөл.)

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун башка субьекттери, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга жумуш берүүчү

  1. 27-апрель, 2017-жыл, № 63.