5-тема. 2-лекция.

КГ-Тема-5-Лекция-2-Профилактика-семейного-насилия

 

5-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо

 

2-лекция. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу

 

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну жүргүзүү боюнча негизги талаптар КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө»[1] (мындан ары Мыйзам), «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамдары менен жөнгө салынат.[2]

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) – укук бузуулардын алдын алуу субъекттери тарабынан көрүлүүчү, жарандарды коргоо деңгээлин жогорулатууга, кылмьштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, четтетүүгө түздөн-түз же кыйыр түрдө багытталган укуктук, социалдык-экономикалык, психологиялык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чаралардын системасы. [3]

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу милдети, мыйзамга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субьектке жана анын ичинде ички иштер органдарына жүктөлгөн.[4]

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) чараларына кирет:

  1. үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн, жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн социалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  2. үй-бүлөлүк зомбулук окуяларына бөгөт коюу жана кайталануусуна жол бербөө, анын ичинде жабы тарткан адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алдын алуучу аӊгемелешүүлөрдү, консультацияларды жүргүзүү, анын ичинде ишеним телефону аркылуу жүргүзүү;
  3. үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга үй-бүлөлүк зомбулукка жол берилбестиги жана ал мыйзам бузуу экендиги жөнүндө, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралар жөнүндө маалымдоо;
  4. жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, зомбулуксуз жана карама-каршылыксыз жүрүм-турумду пропагандалоого, ар бир адамды басмырлоого жол бербөөгө багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иш-чаралар, маалыматтык жана агартуучулук кампаниялар;
  5. Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык башка чаралар.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү маалыматтык жана агартуу кампанияларды, иш-чараларды балдар, аялдар, ата-энелер, эркектер, жумуш берүүчүлөр, лидерлер сыяктуу ар түрдүү максаттуу топтор менен өткөрүү сунушталат. Маалыматтык капманияларды өткөрүүдө улгайган адамдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө көӊүл буруу зарыл.

Маалыматтык жана агартуу кампанияларды айылдык жыйындар, ата-энелер жыйналыштары, окуу жайларындагы класстан сырткаркы сабактар, тематикалык роликтерди жана тасмаларды чогулуп көрүү формасында өткөрүү сунушталат. Ошондой эле социалдык жардам алуучулардын бардык жолугушууларынын тематикасына үй-бүлөлүк зомбулук суроолорун интеграциялоо керек.

Азыркы учурда маалыматтык жана агартуу кампанияларынын куралдары катары социалдык түйүндөр, Телеграмм каналдар, WhatsApp тайпалар ж.б. кеӊири колдонулууда, алар аркылуу катышуучуларга баракчалар, постерлер, видематериалдарга карата шилтемелер жиберилет.

Маалыматтык материалдардын жайылуу көлөмү канча болгондугун, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана аудиторияга тийгизген таасирин белгилөө аркылуу алардын таркатылуусуна мониторинг жана баалоону ишке ашыруу сунушталат.

Мүмкүн болуучу темалар:

  • үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар жөнүндө, сактоо жана коргоо чаралары, ошондой эле жоопкерчиликтер жөнүндө маалымат берүү;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн юридикалык жана психологиялык жардам берүүчү кризистик борборлор жана кызматтар жөнүндө маалымдоо;
  • жабыр тарткан адамдарды жардам алуу үчүн социалдык өнүктүрүү органдарына жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субьекттерге кайрылууга ынандыруу;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктун үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө жана коомго тийгизген терс таасири;
  • эркектерди зомбулукту жоюу боюнча активдүү позицияда болууга ынандыруу;
  • жумуш берүүчүлөрдү жана башка кесипкөй топторду үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу боюнча активдүү позицияда болууга ынандыруу;
  • башка темалар.
  1. 27-апрель, 2017-жыл, № 63.
  2. 5-май, 2021-жыл,а № 60.
  3. Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 1-бер. 8-п., 27-апрель, 2017-жыл, № 63.
  4. Ошол жерде. 11-берене, 1-бөл., 6-п.