5-тема. 3-лекция.
5-тема. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо
3-лекция. Социалдык өнүктүрүү органдарындагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук
КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын[1] (мындан ары Мыйзам) 4-бөлүмү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикалык эсепке алууну жана отчёттуулукту караштырат.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана консультациялык-алдын алуучу борборлордун статистикалык ишмердүүлүктөрүн координациялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине (УСК) жүктөлгөн. Координациялоо УСК менен үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү ведомстволук статистикалык ишмердүүлүктү аткаруу үчүн зарыл статистикалык маалыматтардын көрсөткүчтөрүнүн тизмегин жана курамын, статистикалык жана эсепке алуучулук формаларын, чогултуунун мезгилдүүлүгү жана иштеп чыгуунун тартибин, ошондой эле нускамалык-усулдук материалдарды макулдашуу аркылуу ишке ашырылат.
Мурунку сабактарда каралып чыккандай, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча ар бир субьект, үй-бүлөлүк зомбулук окуяларын аныктоо, каттоо жана эсепке алуу, анын ичинде статистикалык көрсөткүчтөрдү ЭСӨММ тарабынан аныкталган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү тартибин өзүнүн ведомстволук актылары менен аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети статистикалык жыйнактарды, макалаларды бюллетендерди, баяндамаларды чыгаруу, сайтка жайгаштыруу аркылуу, ошондой эле башка жолдор менен үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык маалыматты жайылтууну жана коомчулукка жеткирүүнү камсыз кылат.
Укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, укуктук статистиканы жана эсепке алууну жүргүзүү прокуратура жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Мыйзамдын 37-беренесинде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык отчёттуулукка карата талаптар караштырылган. Тактап айтканда, статистикалык отчеттуулук өзүндө үй-бүлөлүк зомбулук жасалган, катталган учурлар жөнүндө, алардын саны, көрүлгөн чаралардын түрлөрү, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жөнүндө, ошондой эле жабыркаган адамдын жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын ортосундагы туугандык даражасы жөнүндө социалдык-демографиялык маалыматтарды жана башка статистикалык маалыматтарды камтыйт.
Аймактык бөлүмдөр ЭСКММдин №87 14.06.2023 буйругу менен бекитилген отчеттуулуктун формасына ылайык ар квартал сайын, ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментине кийинки отчеттук мезгил аралыгындагы айдын 5-күнүнө чейин отчет беришет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти ар квартал сайын, ар жыл сайын кийинки отчеттук мезгил аралыгындагы айдын 15-күнүнө чейин Министрликке жыйынды отчетту беришет.
Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту координациялоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине ар жыл сайын 10-февралга чейин облустардын/райондордун бөлүнүшүндө жыйынды отчетту берет.
- 27-апрель, 2017-жыл, № 63. ↑
