Онлайн тестирование

 

Results

#1. Кайсы атайын эл аралык документ аялдарга карата басмырлоого жана зомбулукка тыюу салат?

#2. Аялдарга карата басмылоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын негизги укуктук ченеми эмне болуп эсептелет (1979)?

#3. Кыргыз Республикасынын кайсы мыйзамында басмырлоого, карама-каршылашууга же зомбулукка чакырган гендердик үстөмдүктү пропагандалоого тыюу салынат?

#4. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ишенимдердин кайсынысы миф (жомок) болуп саналат?

#5. Кайсы себептер көп учурда аялдарды аларга карата зомбулук жасаган мамиледе калып чыдай берүүгө мажбурлайт?

#6. КР «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамы кайсы принциптерге негизделет?

#7. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардамдарды жана кызматтарды көрсөтүүдө кайсы ыкма колдонулат?

#8. Кийинки саналып берилгендердин ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жардам көрсөтүүнүн принциптерине жана стандарттарына эмне карама-каршы келбейт?

#9. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аял менен биринчи байланышканда эмнени эске алуу маанилүү?

#10. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга карата принциптерди жана стандарттарды колдонуу эмне берет?

#11. Кийинки саналып берилген терминдердин ичинен кайсынысы туура термин болуп саналат?

#12. Үй-бүлөлүк зомбулуктун айырмаланып туруучу кандай өзгөчөлүгү бар?

#13. Агрессор өзгөрүүгө сөз берген жана жабыр тарткан адамга карата ак ниеттүү мамилени көрсөтүп калган үй-бүлөлүк зомбулуктун циклдүүлүгүнүн стадиясы эмне деп аталат?

#14. Үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсы түрүнө Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын таасири жайылтылбайт?

#15. Социалдык камсыздоо бөлүмүнө пенсионер аял жашы жеткен чоӊ баласы анын пенсиясын тартып алып жатат деген билдирүү менен кайрылды. Ал пенсионер аялга кол көтөрбөйт экендиги аныкталды. Баласынын аракеттери үй-бүлөлүк зомбулуктун аныктамасына шайкеш келеби?

#16. Үй-бүлөдөгү этибарсыз мамиледен калктын кайсы тобу баарынан көп жабыркайт?

#17. Жаран Г. кафеде аны бир жыл мурун иш жүзүндө никелик мамилелерде турган жаран С.уруп сабады деп арызы менен кайрылган. Бул зомбулук фактысы Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын таасирине шайкеш келеби?

#18. Үй-бүлөлүк зомбулук окуясы болгон жерге барганда жаран К.ны жубайы М. уруп сабаганы аныкталган. Сабаган учурда үйдө жаран М.нын биринчи никесинен мектеп жаш курагындагы балдары бар болушчу, балдар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартты деп эсептелеби?

#19. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьекттеринин ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары кайсы органга жүктөлгөн?

#20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө кандай ыйгарым укуктар бекитилген?

#21. Кайсы орган үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү боюнча улуттук изилдөөлөрдү демилгелегенге ыйгарым укуктуу?

#22. Социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндөгү милдеттерине эмне кирет?

#23. Кайсы орган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субьектиси болуп ЭСЕПТЕЛБЕЙТ?

#24. Кайсы органдар ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды ыкчам түрдө коопсуз жайга жайгаштырууга көмөк көрсөтүшөт?

#25. Убактылуу коргоо ордери канча мөөнөткө берилет?

#26. Үй-бүлөлүк зомбулук окуясы боюнча барганда жаран К. өзүнүн 10 жана 14 жаштагы балдарын уруп сабагандыгы аныкталган. Жаран К. расмий никеде жаран У. менен жашай тургандыгы аныкталган, ал болсо зомбулук жасалган учурда жок болчу жана 10 күндүк кызматтык иш сапарда болчу. Балдарга карата зомбулук фактысы боюнча убактылуу коргоо ордери кимге берилиши керек?

#27. Убактылуу коргоо ордери кандай шарттарды караштырат?

#28. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын ата-энелик укуктарын чектөө үчүн сотко кайрылууга ким укуктуу?

#29. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн кандай жаза караштырылган?

#30. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кандай жазалоо чарасы караштырылган?

Previous
Finish